Ош шаарындагы мектептердин катчылары менен катчылык милдетти чогуу аткарган мугалимдерге электрондук документ алмашуу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Семинар-тренингдин программасына ылайык, катчыларга ыкчам маалымат алмашуудагы социалдык сеттер менен иштөө, электрондук маалыматтар менен иштөөдөгү ыйгайлуу куралдар, ошондой эле учурда билим берүү тармагында активдүү пайдаланылып жаткан AVN тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
«Семинардын жүрүшүндө катчылар үчүн дагы бир маанилүү болгон компьютерге эларалык стандартка жооп берген кыргызча тамгаларды орнотуу боюнча да усулдук жардам көрсөтүлдү» – дейт башкармалыктын кызматкери Н. Касымбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ