Menu

Эл аралык олимпиада комитети өзбекстандык Гафур Рахимовду AIBA президенттигине талапкерлигин койбоого чакырды

Бөлүшүү:

Эл аралык олимпиада комитети Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президентинин милдетин аткаруучу, өзбекстандык Гафур Рахимовду уюмдун башчысы кызматына талапкерлигин койбоого чакырды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Inside the games порталына шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Эл аралык олимпиада комитетинин этика маселелери боюнча директору Пакеретт Жирар Запелли Рахимовдун атына кат жөнөтүп, анын AIBA президенттигине талапкерлигин коюусу боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында сактап калууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, анткени ал криминал дүйнөсүнө байланышы бар деп шектелип жатканын жазган.

Мурдараак АКШнын Каржы министрлигинин чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө департаменти Рахимовду санкциялык тизмеге киргизип, анын доллар менен каржы операцияларын жүргүзүүсүнө тыюу салган.

AIBA президенти 3-ноябрда уюмдун Москвадагы жыйынында шайланат. Inside the games басылмасынын маалыматына караганда, бул кызматка Бокс боюнча Азия конфедерациясынын президенти, казакстандык Серик Конакбаев талапкерлигин коет.

Эл аралык олимпиада комитети ноябрда өтө турган жыйынында боксту 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасында сактап калуу маселесин карайт. Учурда уюм Эл аралык бокс ассоциациясына карата быйыл февралда башталган тергөөнү улантууда. Анда Олимпиадалык комитет Бокс ассоциациясынын башкаруу, каржы жана антидопинг маселелери боюнча баяндамасын канааттандырган эмес. Буга байланыштуу AIBA мурдагы башчысы Чинг Куо Ву кызматынан кетип, анын милдетин Рахимов аткара баштаган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: