Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.
Кыргызстандык балбан кыз 6-ноябрда 62 кг салмактагылар арасындагы мелдеште күч сынашты. Ал орусиялык Ульяна Тукуренованы ишенимдүү жеңиш менен баштап, аны мөөнөтүнөн мурда 12: 3 эсебинде жеңип алды.
Экинчи жолугушуусунда Тыныбекованын атаандашы учурдагы Африка чемпиону, тунистик Марва Амри болду. Аны да жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеште Тыныбекова орусиялык Анжелага каршы күрөшүп, 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алды.
4-ноябрда Польшанын борборунда башталган турнир 8-ноябрга чейин уланат. 6-7-ноябрь күндөрү аялдар арасындагы күрөш боюнча мелдештер өтүүдө.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ