Menu

Алтынын алган кытайлар, азабын тарткан айылдыктар

Бөлүшүү:

Ушу кытай журтчулугу баскан жеринин баарын майкандап, артынан чөп чыгарбай келишет. Кытайды дүңүнөн жаман дегенден алыспыз, бирок өлкөңө жоопкерчиликсиз мамиле жасаганда каңырыгың түтөйт да. Дегеним, Жалалабад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кытайларга тиешелүү «Чаткал-17» ЖЧКсы алтын кенин казуу иштери менен алек. Аталган ишкананын 7 жерде кен казуу үчүн лицензиясы бар. Алтынды казып алып чыгып кетип аткандан соң экологиялык коопсуздук иштерин да так аткарышпайбы. Терек-Сай элинин арыз-муңун уккан киши жок. Алтын кенин казууда бөлүнүп чыккан зыяндуу алкындылар айыл эли ичкен сууга барып куюлат. Мындан улам ошол арыктан суу ичкен бүтүндөй бир айыл эли ар түрдүү ооруларга чалдыгып, сууну адам эмес мал ичпей турган абалга жеткен. Илгери балык жашаган сууда азыр тирүү жандык жашабай калган. Бул суунун химиялык зыяндуу заттар менен бузулганынан кабар берет эмеспи. Аталган ишкана көрүп жаткан пайдасынан деле элди ойлоп мыйзамга жараша иш алып барышса жарашмак. Экология тармагынын алкымын майлап койгон сыяктуу ал тараптан текшерүү иштери жүрбөй келет. Бул ишкананын иштери канчалык деңгээлде мыйзамдуу?! Карапайым калктын эртеңин ойлогон бирөө барбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: