Menu

Дастан чалдын жылдызы Сариевге эми кандай жанат?

Бөлүшүү:
Темир Сариевдин дарегине акыркы күндөрү ар түрдүү сөздөр айтылып, дайыны жок күнөөлөр жабыла баштады. Дастан Сарыгулов аксакал Кумтөрдү Темирге жабыштырды. «Кылгылыкгы кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп» дегендейби бу аксакал? Анан гезиттердин бирине алты кулач маек берип атып, Темир Аргембаевичке ыксыз кине койгонун жалпы коомчулук түшүнбөй калды. «Нарктуудай көрүнгөндөн нарк кеттиби?» дешип. Кумтөрдү ким баштады эле? «Кыргызалтын» концернин ким негиздеди эле? Келишимдерге ким кол койду эле? Мунун баарын эл билбейби? Мындай учурда «Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн» дечү беле? Аксакалдын айтымында, Кумтөр ишин иликтеген комиссиянын жетекчиси катары Темир Сариев кээ бир маселелерди ачыктаган эмес, жашырган дейт. Бул боюнча парламентте эки күн катары ар бир тармак иликтенип, жыйырмага жакын компетенттүү адамдар бүтүм чыгарып, 500 бетке жакын тиркелген материалды сегиз сааттан он алты саат бою тикесинен тик туруп отчет берип аткан учурда каерде эле? Ийне-жибине чейин учурунда айтылган-делген. Элдин баары угуп, ынанып, бир гана Дастан аке гана укпай калган өндүү, же укса да укмаксан болуп, Кумтөрдөгү мандемди өзүнөн четтетүү амалын кылып атабы, түшүнүксүз?

Бекбол Айдаров

Р.S. Убагында Жалгап Казакбаев айтты эле, «Дастан Сарыгуловдун көчүк чукуганга сөөмөйү ылайыктуу, кыйшык…» деп, ошол чынбы?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: