Menu

Түлеевди түрмөдө дубал сүздүрүшкөнбү?

Бөлүшүү:

“Темир жолдун” “темирин” кемирип байыган Нариман Түлеев деген неме акыркы кезде такыр эле “жин” даарып кеткен немедей болуп, өдүр-сөдүр кептерди эле келжирегенди адатка айлантып алды.

Анын Атамбаев менен бир учакта учканы ме-нен түрмөдөгү күндө-рүн “жомоктотуп” айта бергенинен эл да тажап бүттү. Анчалык “ акмак” десең деле акмак эмес.

Бирок жигиттей болуп бир сүйлөбөй, “мен минткенде, мен тигинткенде” деп азуусу менен айды чапчып сүйлөсө, жанына киши чыдап тура албайт десең. Ушунчасында бул адатын дагы күчөтүп жибере элегинде молдо-бакшыларга дем салдырып, өзүнүн тизгинин өзү тартпаса, ким тартат? Көпчүлүктөн: “Түлеевди түрмөдөн дубал сүздүрүп коюшканбы, мынча эмне көп сүйлөп калган?”- деп суроо салгандар көп болуп жатат. Эми дубал сүзгөнүн, же сүзбөгөнүн так айта албайбыз деңизчи. Бирок Нарикеңе түрмөдө жатканда бир мандем болгону ырас окшойт. Кыскасы, ал мындай “сөөдүрөөк” саясаты менен элге жагам деп ойлосо керек. Бул адаттын арты жаман болуп, залакасы өзүнө эле тийерин унуткан жок бекен. Эсине жара чыгып калса, эстетип койгула, соопчулук иш үчүн…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: