Кыргызстандын Россиядагы элчилиги экс-элчи Раимкул Аттокуровдун Кыргызстандын Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу айткандарына комментарий берди.
Экс-элчи Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү боюнча Россиянын аймагында жүргөн кыргыз жарандарынын кайрылуусуна байланыштуу, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги мындай пикирди билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок экендигин билдирет.
“Раимкул Аттокуров Россиянын жараны экендигин жана жеке адам катары жеке пикирин билдиргенин баса белгилейбиз. Кыргызстандын жетекчилиги биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн коргоодо жана улуттук кызыкчылыктарды сактоодо бекем багытты жүргүзүп жаткандыгын баса белгилейбиз” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ