Menu

Өзбекстанда чет паспортторду алууда узун кезек жаралууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда чет өлкөгө чыгуу үчүн паспортторду алуу — узун кезек жана түртүшүүлөр менен коштолууда.

Стикерлердин ордуна эл аралык паспортторду алуу үчүн документерди кабыл алуу 4-январда башталган.

Чет өлкөгө чыгууну каалагандар 1-январдан тарта 10 жылдык мөөнөткө берилчү паспортторду алышы керек.

Учурда Өзбекстандын Миграция жана жарандыкты каттоо башкармалыгы көңүл борборунда. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары башкармалыктын Самарканд, Гүлистан, Ургенч жана Термез шаарындагы кезекке турууларды сүрөткө тартып, Интернетке жүктөшүүдө.

Самарканддык Бахшулло Арипов чет паспорт алуу үчүн таңкы саат алтыда келип, 169-кезекке турган. “70 киши талон алды, калгандарына эртең келгиле дешти. Кишилер документ тапшыруу үчүн бир күн мурда келип, ушул жерде түнөшүүдө”, – деди ал.

Өзбекстандын башка шаарларында да абал ушундай. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги эл аралык паспорт алуудагы ажиотаж тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин башка мамлекетке барчу кишилерге “өлкөдөн чыгуу визасы” берилип, биометрикалык ички паспорттун бир барагына атайын стикер жабыштырылчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: