Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул борбор КР Эмгек жана Социалдык ѳнүгүү министрлигине карайт. Борбордун жетекчиси Айзада Асанованын айтымында, медициналык пункттун капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерине жана дарылоо, физкультура кеңсесин оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүүгө акча каражаты керектелет.

Сооронбай Жээнбеков реабилитациялоо борборун карап чыгып, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшө турганын белгиледи. Мамлекет башчысы борбордо иштеп жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, алардын социалдык багыттагы суроолоруна жооп берди.

Маалымдама: Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жана 100 орунга ылайыкташтырылган бул реабилитациялоо борборунда талма оорусу менен 27, церебралдык шал оорусу менен 20, азыраак акыл эстен артта калуу менен 19, оор акыл эстен артта калуу менен 14, даун диагнозу менен 7, аутизм диагнозу менен 2 бала багып каралат.

Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – ар дайым кароого муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызматтын түрүн көрсөтүү. Алар – социалдык медициналык, педагогикалык, психологиялык, маданий, укуктук кызматтар.

Штаттык бирдиги – 78 киши.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: