Menu

Бабанов беттешке тике карап чыга албай, эми арттан бычак урабы?

Бөлүшүү:

Мекенинен качып жүргөн Өмүрбек Бабанов өткөн жылда жакшы эле бийликке жагынуу саясатын кылып, улам киши салганына карабай, максаты ишке ашпады. Жаңы жыл алдында Кыргызстанга келүү үчүн оолугуп барып, кайра ат тизгинин шарт бурду. Себеби, ал чек арадан аттаса эле камакка алынмак. Эгер соодагер эмес, чоң саясатчы болгондо тобокелдикке барып, өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөтмөк.

Ошентип, Бабановдун качып кеткенине бир жылдан ашты. Президенттик шайлоодо ишенген электораты, добуш берген 600 миңдей шайлоочунун көңүлдөрү кайт болгону жашыруун эмес. Кыргыз эли эзелтен коркок башчыны жактырышкан эмес. Балким убактылуу алданышканы менен акыры татыктууну тандашкан. Бу саам да Бабановго добуш беришкен миңдеген адамдардын адашкандары ырастала баштадыбы?

Аныгында Бабанов саясый аброюн эмес, бизнесин сактап калууга жанталашты. Кыргызстандагы банктары, үлкөн соода түйүндөрү, кирешелүү ондогон компаниялары иштеп атканын интернет булактары жазып келишет. Бирок, эл тиреги болуу – байлык, дүнүйө-мүлктөн да жогору турарын түшүнгөн жок окшойт. БӨТ келечектеги тарыхта «коркок соодагер» катары жазылып калары бүгүн ачыкка чыкты го? Баса, 2010-жылы Бабанов «Республика» партиясын түзүп, парламенттик шайлоого аттанганда «Азаттыктан» Текебаев экөө дебатка чыгып калышканы эске түштү. Ошондогу кызык диалогдун бир үзүмүн келтирейин. «Александр Македонскийдин аскерлеринин катарында дагы бир Александр Македонский деген коркок жоокери болуптур. Бир күнү Македонский аны чакырып алып, «сен атыңды өзгөрт, же коркок болбо» деп эскертет. Анын сыңарындай, Өмүрбек иним, сен чоң саясатка аттанып атасың, менин адашым катары мындан ары коркок болбо, же…» деп Текебаев бекер жерден жыландын башын кылтыйткан эмес тура.

Бийликке карата ичинде кеги калган Бабанов эми ачык күрөшкө чыга албаса да, жазга карай кайсы бир күчтөрдү тымызын каржылап, өч алуу жагына ык койбойбу? Беттешке тике карап чыга албагандар арттан бычак урганга маш болушарын билебиз. Сыягы, Бабанов ачык кармашты эмес, тымызын саясый кырдаалды козутуу менен жеңишке жетүүнү көздөп аткан жокпу? Ой жүгүртө алган окурмандарыбыз бул жагын оңой эле талдоого алса керек…

Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: