Menu

Ош шаарында аялын сабаган 24 жаштагы жигитке сот өкүмү чыгып, 30 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Ош шаарында жигитке аялын сабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу 2020-жылдын 21-сентябрында өкүм шаардык сотто жарыяланды.

Кылмышка шектүү 24 жаштагы жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 15-августта саат 17:00 чамасында соттолуучу анын 1997-жылы туулган аялынын ортосунда кайым-айтышуу болгон. “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү унаанын салонунда жигит кызды сабай баштаган – муштуму менен анын бетине, андан кийин көзүнө уруп, курсагын тээп жиберген.

Сот отурумунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Ал эми жубайынын айтымында, 14-сентябрда ал күйөөсүнөн кетүүсүн суранып, апасына барган. Эртеси күнү анын курбусунун эжеси үйлөнүү үлпөтүн өткөрдү. Кечки саат бештер чамасында күйөөсү келип, ал ачууланып, аны унаага түртүп жиберген. Жолдо бара жатып, ал унаадан секирип түшүүгө үлгүргөн, бирок күйөөсү аны кууп жетип, чачынан кармап, артка тарткан. Үйгө келгенде дагы жаңжал уланган.

Иштин материалдарын карап чыгып, Ош шаардык соту жигитти күнөөлүү деп таап, 30 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: