Жол эрежесин бузуп, милициянын төшүндөгү камерасын жулуп алган таксист кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгы журналисттерге бүгүн, 22-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, окуя 20-январда Бишкекте болгон. Таксист уруксаты жок жерге келип токтогон. Милиция документтерин сураса, ал көрсөтүүдөн баш тартып, аларды жаман сөздөр менен сөгүп, машинасынан түшүп, жулкунуп, адепсиздигин көрсөткөн. Ага аялдар болушуп, милицияга тоскоолдук кылышканда, ал машинасына отуруп, качып кетүүгө үлгүргөн. Аны милиция кечээ, 21-январда кармаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ