Бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда О. Текебаев менен Д. Чотоновдун жактоочулары Ч. Джакупбекованын жана Т. Токтакунованын ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан жаңыртуу өтүнүчү каралды. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтому менен Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмдөрү, КР Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому жокко чыгарылды. Иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ