Menu

Орусиядагы өзбек жарандары өсүмдүк майына ууланган болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Орусиянын Самара облусунда иштеген 69 өзбек жараны курамында келемиштин уусу бар, үй шартында жасалган өсүмдүк майына ууланган болушу мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, 18-августта Ульянов облусунун 11 жашоочусу үй шартында жасалган өсүмдүк майына ууланып, өзбек жарандарынын диагнозуна окшош диагноз менен ооруканага жаткырылган.

«Учурда 11 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат, дагы экөөсү буга чейин каза болгон. Булардын бардыгы термиттик жол менен тазаланып, үй шартында жасалган өсүмдүк майын колдонгону аныкталды», — деп билдирди жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү Гулия Заббарова.

Тергөө комитетинин Ульянов облустук башкармалыгынан билдиришкендей, аймактагы Михайловка айылынын 69 жаштагы тургуну таанышына үй шартында 200 литрден ашык өсүмдүк майын жасап берген. Тергөөчүлөр ага күн караманын уругун өзбек жарандары ууланган ишканада иштеген тууганы алып барган болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал уруктар атайын келемиштер менен чычкандарды ууландыруу үчүн даярдалган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө үй шартында жасалган 200 литр майдын 180 литри алынган. Учурда калган 20 литрдин кимге сатылганын жана ууланган күн карама уруктарын уурдаган ишкана кызматкерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

18-июлда Орусиянын Самара облусунда Өзбекстандын 69 жараны «белгисиз затка» ууланганы кабарланган. Алар дагы Ульянов облусунун тургундарыныкындай диагноз менен ооруканага жаткырылып, 4-августта бирөөсү каза болгон.

Расмий билдирүүлөргө ылайык, ууланган 69 өзбек жаранынын 54ү дале болсо ооруканадан чыга элек. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 17-августта жабыркагандарга жардам берүү үчүн Самарага өзбек дарыгерлери учуп кеткенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: