Menu

БШКда тополоң: төрайым баш ийбеген кызматкерлерин башкара албай эси ооду

Бөлүшүү:

Шайлоонун шайтан оюндары кызыган сайын ар кайсы парламенттик фракциялардан куралган ар кошкон БШКдагы абал да курчуп, ар кимиси өзүн дайындаган шефтеринин буйругун аткарууга киришти. Төрайым Нуржан Шайлдабекова “комиссиянын айрым мүчөлөрү ишке атайын тоскоолдук жаратып жатат”- деп жар салды. Ал тургай кызыл-чеке болуп кайым айтышкан мүчөлөрү жыйынды үзгүлтүккө учуратууга жетишти. Комиссиянын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева маалымат жыйын куруп, алардын пикири эске алынбай жатканын белгилеп, бул тууралуу коомчулукка, парламентте кайрылуу жолдошту. Атыр Абдрахматова БШК жыйыны болору аларга өтө кеч айтылып, тиешелүү  материалдар өз убагында берилбей жатканын айтып, “Биз шайлоо процессин уюштуруп  гана беришибиз керек.

Бизге чек коюлууда, жада калса каралап жатышат”,- десе, Гүлнара Журабаева: “Биздин жыйындар 90% ошентип өтүүдө. Кээде анча суроо жаратпаган маселелер болгондо мейли, бирок талапкерлер,  аккредитацияга байланышкан учурда карап чыгып, даярданыш керек да,”- деп  айтууда. Айтор Крыловдун тамсилиндей ар кимиси ар кайсы талапкердин чөнтөгү менен буйругун караган  БШКнын мүчөлөрү шайлоонун ашмалтайын чыгарышпаса эле болду.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: