Өзгөн районунда таксисттин өлүмү боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, ишке катышкан 5 адам боюнча материалдар Өзгөн райондук соту тарабынан каралат.
Эске салсак, Өзгөн районунда таксистти муунтуп өлтүргөн эки өспүрүм кармалган. Жаңжал айдоочуга төлөп берүүгө 100 сом жетпей калгандыгына байланыштуу башталган. Алардын ортосунда алгач кайым айтышуу болуп, андан кийин унаанын аркасында отурган өспүрүм айдоочуну муунтуп өлтүргөн. Кылмыштын изин жашыруу максатында унаанын ичинен бензин таап, денеге куюп, өрттөп, жансыз денени сууга ыргытып жиберишкен. Өспүрүмдөр 16-17 жашта. Алар менен биргеликте дагы кылмышты жашырган деп шектелген үч жашы жете электер дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ