Menu

Ажонун найзага сап болчу командасы жок тура

Бөлүшүү:

Учурда эки жаат болуп бөлүнүп, бири-бирин тепселеп кетчүдөн кайра тартпай калган атамбаевчилер менен текебаевчилердин тирешинде кайсыл команда күчтүү экенин аңдай турган кез келип турат. Текебаевдин трибунадан  президенттин сөөгүнө жеткизе сындаган сөзүнө оңдуу сөздү айталбай тайсалдаган, эки ооз сөздү айтканга араң жараган КСДпчылар, жыйындан чыккандан кийин Текебаевдин далысынан таптап “Сиздин айтканыңыз туура, чындыкты сүйлөдүңүз” деп берки жээкке өтө качып жүргөнү эмнеси? Текебаевдин “Атамбаев өз мөөнөтүнөн мурун кетип калышы мүмкүн” дегенинен чоочулап, эмитеден эле өздөрүнүн кара башын алып кача башташканыбы? Кожобек Рыспаев деген КСДПнын депутаты бар. Ош базарында соода-сатык кылып жүрүп “Ар-намыстан” депутат болуп келе калган. Кийин “Ар-намысты” таштап, КСДПга кире качкан. Ал болсо Атамбаевдин таламын талашам деп Текебаевди “президентти эркек болсоң жекеме-жекеге чык дептирсиң, “разборщик” болуп кеткенсиңби” деп шефин коргойм деп элге уят болду. Рыскелди Момбеков деген депутат  “Биз президенттин 60 жылдык юбилейинин астында турабыз, комитет башчылыгына КСДП көрсөткөн талапкер шайланбай калса өлкө кризистин сазына батат” деп элдин оозун ачырды. Карт бөрү Текебаев жалгыз өзү эле ажону алкымдан алып жатканы да, Атамбаевдин командасында найзага сап болуп берчү мыктылар жок экенинен.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: