Menu

Жарандык активист Талгат Аян Актөбө абагына которулду

Бөлүшүү:

Жер маселеси боюнча Атырау шаарындагы митингден кийин беш жылга соттолгон жарандык активист Талгат Аян 22-августта Петропавловск абагынан Актөбөдөгү түзөтүү жайына которулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына анын атасы жана адвокаты Толепкали Аянов билдирди.

Анын айтымында, алгач алар Талгат Аяндын кичинекей балдары бар экенин жана жолугушуу үчүн өлкө түндүгүнө барып келүү оор болуп каларын айтып, аны Атыраудагы абакка которууну суранышкан.

– Бизге Атырауда орун жок экенин айтышты. Албетте бул жөн гана шылтоо болду. Ошентсе да аны жакыныраак, Актөбөгө которушту, – деди Толепкали Аянов.

Ал алдыдагы Талгат Аян менен болчу узак мөөнөттүү жолугушууга келини балдары менен барарын кошумчалады.

Өткөн жылы ноябрда Талгат Аян менен дагы бир жарандык активист Макс Бокаев кастыкты козутуу, митингдерди өткөрүү тууралуу мыйзамды бузуу жана жалган маалымат таратуу айыбы менен беш жылга соттолушкан. Активисттер, тарапташтары жана укук коргоочулар алардын ишин саясий иш деп эсептеп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: