Menu

УКМК: Дүйшөн Зилалиевдин каткан акчасы, туугандарына катталган кыймылсыз мүлктөрү табылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кылмыш-жаза кодексинин 308-1-статьясынын 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган (жооптуу милдет аткарган кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) жагдайга байланыштуу козгогон кылмыш ишинин алкагында, 2018-жылдын 7-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мурдагы вице-премьер министр Дүйшөн Зилалиевдин мүлк-байлыгы боюнча иликтөө иштери жүргүзүлдү.

Анда Д.Зилалиев 2011-2016-жылдары мамлекетик структураларда ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштегендиги дагы аныкталды.

Өзүнүн киреше-чыгашасы, колундагы мүлкү жөнүндө толтурган расмий декларациясы боюнча, Д.Зилалиев 2011-2016-жылдар аралыгында жеке өзүт 2 млн. 541 миң 527 сом киреше тапкан. А аялынын кирешеси 408 миң сомду гана түзгөн. Бирок, иликтөө иштеринин жүрүшүндө, экс-чиновниктин активинде табылыш булагы көрсөтүлбөгөн жана расмий кирешесинен эселеп ашып тушкөн өтө ири өлчөмдөгү акча каражаты жана кыймылсыз мүлк бар экендиги аныкталган.

Д.Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турган кезинде эле, өзүнүн декларациясында көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 АКШ долларын 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктын ячейкасында сактап келген. Андан тышкары, декларацияда көрсөтүлбөгөн, же болбосо, өзүнө тийиштүү экендигин жашыруу максатында туугандарынын, же башка адамдардын атына каттаткан кыймылсыз мүлк ( квартира, жер үй, жер участоктору) активдери дагы табылган.

Мисалы, Д.Зилалиев 2017-жылдын 17-апрелинде Бишкектин чок ортосунда жайгашкан, алуу-сатуу келишимине ылайык, биринин баасы 34 млн., экинчисиники 19 млн. сом турган эки офистик имаратты өзүнүн кайсы бир тууганына каттаткан.

Андан сырткары, ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп иштеп турган кезинде Кыргызстандагы алтын, акиташ ж.б кендерди иштетүү боюнча бир канча лицензияны өзүнүн жумушсуз тууганына каттатып койгондугу да аныкталды.

Дүйшөн Зилалиев айыпталган статьяда айтылган мыйзамсыз баюу – бул, мамлекеттик кызмат адамынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен эселеп ашып кеткендиги жана ал байлыктын мыйзамдуулугун негиздеп, жөндөөнүн акылга сыйгыстыгы. Ал эми мамлекеттик кызмат адамынын байлыгынын, активдеринин мыйзамлуулугу, же мыйзамсыздыгы анын кирешелери жөнүндөгү декларациясы аркылуу гана бааланат.

Эскерте кетсек, азыр Д.Зилалиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө жүрүп жатат.

Булак:KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: