Menu

Казакстандын шаарларында бир нече активист камакка алынды

Бөлүшүү:

22-августта Казакстандын Алматы, Актау жана Нур-Султан шаарларында полиция ондогон активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүп, айрымдарын кармап кетти.

Ошол эле күнү кечинде Алматыда кармалгандардын туугандарынан жана активисттерден турган топ жергиликтүү полиция департаментинин имаратынын алдына чогулуп, «Боштондук!» деп кыйкырышты. Алар департаменттин башчысынын орун басары Рустам Абдрахмановго 11 активисттин тезмесин берип, аларды бошотууну талап кылышты.

Абдрахманов кармалган активисттер Абай Бегибетов менен Гульзипа Жаукеровага карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын, калгандары бошотулганын билдирди.

Кийинчерээк активист Уласбек Ахметов RFE/RL радиосунун казак кызматына кайрылып, Алматыда активисттер Кайрат Кылышев, Марат Айтбаев жана Меирхан Абдиманапов да сегиз суткага камалганын билдирди. Анын айтымында, Актау шаарында алты активист полиция кызматкерлеринин тинтүүсүнөн кийин кармалып, экөө 15 суткага, бирөө он суткага камакка алынды.

Ал ортодо Нур-Султанда полиция кызматкерлери көчөдө бараткан активист Аскар Каирбекти токтотуп, кармап кеткени тартылган видео Интернетке жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: