Menu

Руслан Казакбаев, депутат: Сапардын духу бекем болсо, Талгарбековду абдан оор шарттарда кармашууда

Бөлүшүү:

Кечээки дасыккан дипломат Руслан Казакбаев соңку алты жыл ичинде «Республика – Ата Журт» партиясынын үч жолку шайлоо штабында (шаардык, парламенттик жана президенгтик) аталган саясый топтун «мотору» болуп, үч ирет тең аталган партиянын күлүктөрүн 2-орунга чыгарып келген күчтүү саясый саяпкер экенин далилдеди (КСДПны эс ке албаганда үч ирет тең алдыга озушту). Бул жагынан каарманыбыз өлкөдөгү күчтүү инсан экенин ага ал кездеги жана азыр да баткак чачыратууга жандалбасташкан ашынган душмандары да тана албаса керек. Эмесе, эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркы бар мындай инсанды сөзгө тартсаң, кызыктуу кептин учугун уламайы бар.

– Руслан мырза, соңку убакта чет өлкөгө көп чыгып, чабагандагандай таасир калтыруудасыз. Саякаттаганыңыздын сыры сырттагы шефиңиз Өмүрбек Бабановго байланыштуубу? Ал киши азыр кайда, жолугуп жатасызбы?

– Чет өлкөгө көп чыгып, чабагандап жүргөн деле жерим жок. КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги парламенттер аралык кызматташуу ассамблеясынын мүчөсү катары чет өлкөгө, анын ичинен Россияга көбүрөөк барып калам. Башка чет өлкөлөргө көп чыктым деп айта албайм. Соңку ирет да өзүм футболдун ашынган күйөрманы катары Россияда болуп өткөн дүйнө чемпионатын жеринде барып көрүп келдим. Ал эми Өмүрбек Бабановду көрбөгөнүмө көп болду. Ал киши азыр өзүнүн жеке ишкерлиги менен алек болуп, кайсы бир мамлекетте туруктуу турганы жок. Тажрыйбалуу, билимдүү, өзгөчө жеке ишкерчиликте активдүү инсан катары өзүнүн долбоору, максаттары менен алпурушуп, ар кайсы мамлекеттерде жүрөт. Ара-чолодо телефон аркылуу байланышып калабыз. Баса белгилөөчү жагдай, Бабановдун «Кыргызстанга ири инвестиция алып келсем» деген жакшы ойлору бар.

– Жакында сиздин камакта жаткан бир катар саясатчыларга жолутуп, башына иш түшкөн экс-чиновниктерге моралдык жактан колдоо кылган жигитчилик жүрүшүңүздөн кабардар болдум. Камактагы канча саясатчы менен жолутуп, ал-абалынан кабар алып чыктыңыз?

– Соңку алты айда парламенттеги ишмердүүлүгүмдө жеке эле камактагы саясатчылардан эмес, жаза өтөө жайларындагы бир катар жарандарыбыздын өздөрүнөн, алардын ага-тууган, жакындарынан өзөгүндө соттордун катачылыктары, жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн чектен тыш иштери, укук коргоо органдарынын тергөө убагындагы калпыстыктары камтылган 30га жакын ар түрдүү кайрылуу каттары менин наамыма келип турду. Элдин кайрылуусунан соң мен жана парламенттеги айрым депутат кесиптештерибиз менен биргеликте УКМКнын жертөөлөсүндө жазасын өтөп жаткандардан баштап, №1, №16, №27, №47 жаза өтөө жайларындагы эркинен ажыратылган жарандарыбыздын шарттары менен таанышуу максатында кыдырып чыктык. УКМКнын жертөлөсүндө жазасын өтөп жатышкан экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-мэр Кубанычбек Кулматов жана кесиптештерим Канат Исаев, Осмонбек Артыкбаев, экс-министр Айбек Калиевдер менен көрүштүм. №47 жаза өтөө жайынан айтылуу Бекболот Талгарбеков, Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев, «мамлекеттик сырды сатты» деп 22 жылдык оор жазага кириптер болгон экс-премьер Амангелди Муралиевдин баласы Алтынбек Муралиев менен жолутуп чыктым. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаковдордун абалынан да кабар алып кайттым. «Мегакомдун» иши менен айыпталышкан Азамат Мурзалиев. Алмаз Абеков экөө менен да жолугуу мүмкүнчүлүгү болду. Жогоруда аттары аталган саясатчылардын тышкары ошол жакта жазаларын өтөп жатышкан бир катар жарандарыбыздын абалынан кабар алып, жүз көрүштүм. Булардын көбү жаштар экен. Бүгүн өлкөбүздөгү жаза өтөө жайларында камалгандардын 15%ын саясатчылар жана мамлекеттик, укук коргоо органдарында иштегендер, 15%ын өтө оор кылмыш кылгандар түзсө, калган 70%ын аргасыздан жаза өтөөгө кириптер болуп калгандар түзөрүн билдим. Акыйкатчы менен кыйноолорго каршы борбордун жетекчисинин көңүлүн абактагы ушул 70%ды түзгөн карапайым жарандарыбыздын укугун коргоого бурганга аракет кылдым. Булардын баардыгы Кудай Тааламдын берген сыноосун сабырдуулук менен өтөп жатышыптыр. Мындай сыноодо аларга бекем эрк, кажыбас кайрат каалап чыктым.

– Сапар Исаков менен буга чейин жолдошчулук жакшы мамиледе жүргөнүңүз, алтургай парламенттен аны кызматтан чагылгандай тездик менен шыпырып жатышканда да колдоп, жигитчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтө алдыңыз эле. Башына иш түшкөн кесиптеш досуңуздун абалы, духу кандай экен?

– Сапар Исаковдун абалы жакшы. Жаштыгына карабай мамлекеттик кызматта өзүнүн ийгилик тарыхын жарата алды. Сапар мырзанын кайраты бекем экен. Бул жагына кадимкидей баа бердим. Ал дипломат, юрист катары адвокаты менен биргеликте өзүнүн актыгын далилдеш үчүн бар аракетин кылып жатканынан кабардар болдум. Мени менен кошо барган депутат кесиптештеримден «урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович менен парламент депутаттары бизге байланышкан иштерди адилет, калыс карап, соттук иштердин ачык болуусун камсыз кылып беришсе, ошол мага жетиштүү. Азыр мага байланышкан иш бир тараптуу каралагандай көрүнүп жатат» деген өтүнүчүн билдирди. Эми калганын тергөө, соттук иштер чечет да. Ал жагына кийлигише албайбыз.

Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевчи? Алар не дешүудө?

-Ушул эки аксакалыбыз боюнча бир нерсени баса белгилегим келип туру. Бул экөөнүн тең жаштары келип калган, тергөө менен тыгыз кызматташарын, эч кайда качышпасын ачык айтышып, ден соолуктарына байланыштуу президентке кайрылып, ооруканага которуп берүүнү өтүнүштү. Бул боюнча өз оюбузду президенттик аппаратка жеткирдик. Жакында Осмонбек Артыкбаевдин ооруканага которулганынан кабардар болдум. Жантөрө Жолдошевич да өзүнүн жүрөгүн карап жүргөн кардиологиялык институттагы дарыгер менен камсыз кылып, ооруканага которуп берүүбүздү өтүндү. Анын сунушун да тиешелүү органдарга жолдодук. Ушул жерден баса белгилөөчү сөз, биз түрмөгө жарандарыбызды камап жатканда эмне максат менен киргизип жатабыз? Ооба, мыйзамды бузушканы факт дечи. Эгерде биз аларды «коомго коркунуч келтирип жатат» деп эле эркинен ажы-ратып, жазасын өтөп бүткөн тарбияланган жаранды кайра алып келебиз десек, анда жаза аткаруу тутумун жакшылап реформа кылышыбыз керек. Жок, андай эмес, биз эркинен ажыратуу менен алардын эркин «сындырып», жалаң «түшүнүк менен» жашаган таптакыр башка инсанды алып чыгабыз десек, анда азыркыдай иштерди уланта берели…

– Камактагы саясатчыларга криминалитет тараптан басым-кысым болуп, жабык жайлардагы жазылбаган мыйзамдар аркылуу кандайдыр бир «сындыруу» аракеттери болбоптурбу?

– Чындап келсе, азыр криминалдар менен айрым укук коргоо орган кызматкерлеринин аралашып, жуурулушуп жатканы жалганбы? Укук коргоо органдарынын ичинде мыйзам бузуп жүргөн кылмышкерлер жок дейсиңерби? Ошол эле криминалитеттин ичинде деле жашоосундагы ар түрдүү турмуштук жагдайлар менен ошондой шартка түшүп “кара” деген аталышка туш болуп калгандар бар да. Криминалдын камакта жаткан саясатчыларга басым-кысым кылып жатканын эч кимиси айткан жок. Мен камактагы ар бир саясатчы менен сүйлөшкөндө атайын ушундай көрүнүштү баса белгилеп сурап жаттым. Өлкөбүздөгү жаза өтөө жайларынын ичинен мыйзам так сакталып, кармоо шарттары салыштырмалуу кыйла жакшыраагы УКМКнын тергөө абагы экенин өз көзүм менен көрүп, кабардар болдум. Башка жаза өтөө жайларында «пулуң болсо кулуңмун» деген кеп үстөмдүк кыларына көзүм жетти. Эми буга түшүнүү менен караш керек. Эгерде өкмөт жаза аткаруу кызматынын бюджетине, кызматкерлерине жардам бере албаса, абак жайдын башчысынын айлык акысы 10 миң сомдун айланасында болсо, жашоо батирлери жок болсо, тамакка берилген суткалык каражаты 100 сом болсо, биз алардан эмне талап кыла алабыз?

– Бүгүн жаза өтөө жайларда экс-президент Атамбаевдин келишкис эки оппоненти бар, бири Бекболот Талгарбеков болсо, экинчиси ӨмүрбекТекебаев. Ушул эки инсандын абалынан да кабардар болдуңузбу?

– Экөөнө тең жолугуп, кеңири сүйлөшүп чыктым. Экөө тең каалайбызбы-каалабайбызбы, канткен күндө да тагдырдын сыноосуна моюн сунушуп, жазаларын өтөп жатышат. Экөөнө тең сот чечим кабыл алды, биз соттун ишине кийлигише албайбыз. Эгерде буларга байланыштуу иште жаңы жагдайлар чыкса, анда биз соттордон, башкы прокуратурадан талап кыла алабыз. Менимче, бул экөөнүн жактоочулары бул боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышса керек. Талгарбеков да, Текебаев да мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымдарын кошушкан көрүнүктүү саясатчылар экени талашсыз. Бекболот Талгарбековдун мойнундагы ишин терроризмге таяган оор статьяга теңеп, жабык режимге камап коюшуптур. Суткасына болгону бир жарым саатка гана сейилдөөгө чыгат экен. Бул инсанды камактагы башка саясатчылар менен салыштырмалуу кармоо шарты абдан кыйын экендигин баамдадым. Быйыл пайгамбар жаш куракка келиптир, буга чейин да ден соолугу жайында эместигинен кабар алгам. Талгарбековго байланышкан ишти кылдаттык менен карап чыгуу мезгил талабы болууда. Сен жогоруда «Талгарбеков менен Текебаев Атамбаевдин келишкис оппоненттери» деп айтып өтпөдүңбү, экөө тең бул боюнча терс ойлорун айткан жок. Ырас, экс-президент Атамбаев кызматынан кетти. Экөөнүн тең маанайларынан «эски иштер эски менен кетсин, жаңысы менен алдыга карай умтулалы» деген маанайды байкап турдум. Анан калса Бекболот, Өмүрбек мырзалар мамлекеттин өнүгүүсүнө байланыштуу жаңы идеялары, алдыга карай жакшы ойлору менен бөлүшүп отурушту. Бул экөөнөн тышкары да биз жолуккан камактагы саясатчылар камакта отурушса дагы элибиздин, мамлекетибиздин тагдыры тууралуу жакшы ойлорду ойлонуп отурушканына кадимкидей көңүлүбүз көтөрүлдү. Өзгөчө мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөн Чотоновдун өлкөбүздүн жаркын келечеги тууралуу омоктуу ойлорун уккан соң, менде бул инсан мойнундагы жазасынан кутулган соң мамлекетке дагы да кызмат кыларына көзүм жетти.

– 25-июлда Талгарбеков баштаган «Элдик парламентгин» өкүлдөрүнө байланышкан иш Жогорку соттон карала турганы маалым болду. Бул жолку соттук иште сиз жолугуп чыккан саясатчыларга карата акыйкат жүзүн бурат деп ойлойсузбу?

– Албетте, Талгарбековго жана башка саясатчыларга карата акыйкат жүзүн бурушу керек деп ойлойм! Убагында буларды элибиздин, мамлекетибиздин ынтымагына, стабилдүүлүгүнө же бийликтин иштешине жолтоо болуп «эркинен ажыратуу керек» дешсе, азыр мына аталган саясатчылар андай этапты көп убакыттан бери баштарынан өткөзүп жатышат. Булардын ишин бул сапар ачык, адилеттүү, калыс маанайда карап берүүлөрү керек. Кандай карашат, бул албетте, соттун иши. Фемида өкүлдөрүнүн ишине биз кийлигише албайбыз жана депутатпы, президентпи, бириси да кийлигишпеши зарыл. Бирок, өзүбүздүн адилеттүү пикирибизди айтууга толук акыбыз бар.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: