Кечээ, 14-февралда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырылган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда кыргыз тараптан Тажикстандын Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчылыгына жаңы дайындалган генералдын чек ара тууралуу билдирүүсүнө тынчсыздануусун билдирген.
“ММКларда жана интернет айдыңында Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчы Абдулло Навжувоновдун: “Тарыхты карап чыксак, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деген билдирүүсү тарап, кызуу талкууга алынууда. Мында укук коргоо органынын жетекчиси тарыхты бурмалоо жана фактыларда алмаштыруу менен алектенген” – деп айтылат билдирүүдө.
“Жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде укук коргоо органынын өкүлү тарабынан чагымчылдык аракеттеги сөздөр айтылбашы керек. Алар тескерисинче, чагымчыл аракеттерге каршы иш жүргүзүшү керек” – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Кыргыз тарап алдыда мындай окуялар кайталанбашы үчүн Душанбеден расмий түрдө жооп күтүп жатканы айтылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ