Бишкектеги “Кайнар” ресторанында санитардык нормаларды бузуп, дагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта ал жерде көп сандаган адамдардын катышуусу менен иш-чара өткөн.
Инспекторлор бузуулар жөнүндө Кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүштү. Мекемеге 3 миң сом айып пул салынган.
Эскерте кетсек, 11-июнда экс-депутат Өмүрбек Бабанов ресторанда “куран окутуу” өткөргөн. Айып пул салынганына карабастан, эртеси күнү ресторанда дагы массалык иш-чара болуп өткөн. 17-августта “Кайнардын” администрациясы кайрадан санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн айыпка жыгылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ