Кыргызстанда, бүгүн, 6-апрелде, саат болжол менен 04:59 чамасында күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук академиянын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Эчкили-Таш айылынан 12 км түндүк-батышта, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышта 16 км, Жыргалаң айылынан түштүк-чыгышта 30 км, Каракол шаарынан 76 км чыгыш тарапта катталды.
Жер титирөөнүн күчү калктуу конуштарда, Эчкили-Таш айылында 3,5 балл, Кең-Суу айылында 3 балл жана Жыргалаң айылында 2,5 балл болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ