Menu

Жалал-Абадда  Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылууга арналган Координациялык кеңешмесинин жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 14-мартта Жалал-Абадда 2017-жылдын  Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылууга арналган Координациялык кеңешмесинин алгачкы олтурум жыйыны болуп өттү. Анын ишине райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, шаарлардын мэрлери, социалдык маселелер боюнча акимдердин орун басарлары менен вице-мэрлер, айыл аймактарынын башчылары, облусттук, шаардык жана райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, ЖОЖдордун ректорлору менен атайын окуу жайларынын директорлору, облусттук казыяттын кызматкерлери, облусттук тармактардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Координациялык кеңешменин жыйынын КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алып барды. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Координациялык кеңешменин күн тартибинде 4 маселе каралып талкууланды. Биринчиси, облустун аймагындагы диний кырдаал. Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер. Алдыда аткарылуучу милдеттер. Экинчиси, облустун аймагында мыйзамдуулуктун сакталышы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Үчүнчүсү, облустун аймагындагы жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар күтүлүүчү аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жайларга көчүрүү, КРнын ӨКМнин облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер. Төртүнчүсү, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык  кеңешмесинин 2017-жылга карата иш планын бекитүү.

Координациялык кеңешменин күн тиртибиндеги биринчи маселе боюнча улуттук мамлекеттик коопсуздук башкармасынын кызматкери Эрланбек Мырзаев баяндама жасады. Анда маалым болгондой Сириядагы согушка Жалал-Абад облусунан 131 адам кеткен болсо, анын ичинен 32 адам каза болгон.  Мындан сырткары “Таблиги Жамаат” диний кыймылынан бөлүнүп чыккан “Йакын инкар” агымынын өлкө аймагында активдешүүсүнүн алдын алууда бул ишти укук коргоо органдарына гана оодара салбастан жалпы коомчулук менен биргеликте аракеттенип иш алып барганда гана жакшы натыйжа менен жыйынтык жаралаары баса белгиленип кетти.

Координациялык кеңешменин күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов кеңири доклад жасады.

–      Учурда облустун аймагында жер мыйзамдары боюнча маселе өтө курчуган абалга жетип олтурат.  Айыл аймактарынын башчылары тарабынан айыл чарба багытындагы үлүш жерлерди бир нече гектарлап, мыйзамсыз  берилип жиберилген фактылар аныкталууда. Анын натыйжасында мыйзамсыз негизде берилген мамлекеттик актыларды, буйрук менен токтомдорду жокко чыгаруу боюнча сот органдарына 129 доо арыз берилип, 300гө жакын доо арыз даярдалып, сотко берүү алдында турат. Бул албетте, жарандардын турак-жайга болгон муктаждыктарынан улам келип чыгууда.  Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан Сузак районунун Таш-Булак, Атабеков, Сузак жана Ырыс айыл аймактарынын башчылары тарабынан трансформация болбогон жерлерди, үлүш жерлерди турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берген фактылар орун алууда,- деди облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 18647 балдардын ата-энелери башка өлкөлөргө иштөө үчүн чыгып кеткендиктен, алардын балдары чоң ата менен чоң энелеринде, жакын туугандарынын жана көзөмөлдөөчүлөрдүн колунда калып кетишкен. Ал эми жалпы өспүрүмдөрдүн ичинен 520 балдардын ата-энеси психикалык жана наркологиялык каттоодо турушат. 2015-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 376 адам жабыркаган болсо, 2016-жылы ал көрсөткүч 1320га жеткен. Анын ичинен жашы жетелек балдарга карата 3, аялдарга карата 1295 жана эркектерге карата 22 учур катталган. Мындан сырткары 2016-жылы балдар арасында 16 суицид  катталып, кайгылуу окуялар жүз берген. Алардын 10ну балдар, алтоосу кыздар болушкан. Базар-Коргон районунун өзүндө эле өткөн жылы балдар арасында 5 суицид катталган.

Координациялык кеңешменин жыйынында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Марат Хажиматов коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

–     2016-жылы Жалал-Абад облусунда 681 автотранспорт кырсыктары катталды. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 34кө көбөйгөн. Анын натыйжасында 1170 адам ар кандай жараакаттарды алышса, 148 адам каза болгон. Мунун ичинен жаш өспүрүмдөр арасында 213 жараакат алса, 18 жаш өспүрүм жарык дүйнө менен коштошкон. Облус аймагында 12700 жол белгилери коюлуусу керек болсо, учурда 3542 жол белгилери коюлган эмес. Кандайдыр бир деңгээлде бул автотранспорт кырсыктарынын келип чыгуусуна терс таасир этип жаткандыгы жашыруун эмес. Оор жана өзгөчө оор 2 кылмыштын – адам өлтүрүү кылмышынын бети азырга чейин ачыла элек. Бирок, анын бетин ачуу боюнча иликтеп тергөө иштери жүргүзүлүп жатат,- деди облустук ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги  Марат Хажиматов.

КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов  жаратылыштык жана техногендик кырсыктар боюнча маалымат берди. Анын айтуусу боюнча 2016-жылы облус аймагында 132 обьектиде 92 млн. сомдук жумуштар аткарылган. 5072 турак-жайларга ар кандай кырсыктардан коргоо боюнча жумуштар жасалган. Облус боюнча 849 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Бирок, ошол эле учурда 1070 үй-бүлө мамлекеттен ар кандай жардамдарды учурунда алгандыгына карабай кооптуу аймактарда жашап келе жатышат. КРнын ӨКМнин облусттук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов Жалал-Абад аэропорту менен Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар элдин коопсуздугуна айкын түрдө коркунуч туудурарын белгиледи. Анткени аэропортко жакын жерде нефтини кайра иштетүүчү заводдун продукциялары сакталаарын, ал эми борбордук базарга өрт өчүрүүчү машиналар дегеле кире албай тургандыгын айтты.

Кеңешме жыйында Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Бердалы Мурзакулов Айкамал айылындагы 50 үй-бүлө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан коопту коркунучтуу аймакта жашап жатышкандыгын ортого салды.

–   Түшүнүк катты жазып беребиз, өлсөк догубуз жок,- дегендер чекеден чыгып жатышат. Алар менен кандай иш алып баруунун айласын дагы таппай калдык. Алар менен кандай иш алып баруу сунушун бересиңер?,- деген суроосуна облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов: “Сотко кайрылгыла, мамлекеттен алган жардамдарын кайтарышсын. Муну дагы практикалап көрөлү. Бирок, адамдардын өмүрү үчүн жергиликтүү бийлик башчылары жооп бере турганыңарды унутпагыла,- деген пикирин билдирди.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жыйынга катышкан бардык жетекчилерден бүгүнкү айтылган сын-пикирлерден туура жыйынтык чыгаруу талабын койду. Кеңешме-жыйындын соңунда  2017-жылга иш карата иш план жана бүгүнкү олтурумдун токтомунун долбоору кошумчалары менен кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: