Menu

Нур-Султанда ЕБ өкүлчүлүгүнүн алдына акцияга чыккан активисттер кармалды

Бөлүшүү:

10-июнда Европа биримдигинин (ЕБ) Нур-Султан шаарындагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган он чакты киши өткөн жумада кармалган үч активистти бошотууну талап кылышты.

6-июнда Казакстандын бир нече шаарында өткөн нааразылык акцияларынын алдында элди митингге чыгууга чакырган деген айып менен активисттер Руслан Нурканов, Айбек Сабитов жана Дархан Умирбаев кармалып, 10-15 суткага камакка алынышкан.

Казакстанда адам укуктары бузулуп, сөз эркиндиги сакталбай жатканын айыптаган акция катышуучулары ЕБ өлкөлөрү аларды угат деген үмүттөрүн билдиришти. Алар колдоруна «Евробиримдик, казак эли менен чогу бол!!!» деген плакаттарды кармап алышкан.

Акцияга чыккандар жакында эле кабыл алынган «Тынч жыйындар тууралуу» жаңы мыйзамды сынга алышты. Ага ылайык, бийликтин уруксаты жок акцияларды өткөрүү, аларга катышуу үчүн каралган жазалар катаалдашкан.

ЕБ өкүлчүлүгүнүн алдына келген полиция кызматкерлери акция катышуучуларын кармап кетишти.

Бийлик 6-июнда полиция бөлүмдөрүнө 53 киши жеткирилгенин билдирген. Алардын ичинен жети жаранга айып пул салынып, бирөөнө эскертүү берилген, калгандары «профилактикалык маектешүүдөн» кийин бошотулган. Мындан тышкары эки кишиге карата «Бийлик өкүлүн кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча тергөө иштери башталганы кабарланган.

Укук коргоочулар менен байкоочулардын маалыматына караганда, 6-июндагы нааразылык акциялардын 270тен ашык катышуучусу кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: