Түркия Юстиция министрлиги 13-сентябрда Фетхуллах Гүленди камоо өтүнүчү менен АКШга расмий кат жөнөттү. Анкара аны аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптоодо.
Түркия өкмөтү Гүлендин тарапташтары кутумга барып, азыркы бийликти кулатууга чама жумшаган деп эсептейт. Диний ишмерди мекенине кайтаруу маселесин Эрдоган менен Обама Кытайда өткөн “Чоң жыйырмалык” саммити учурунда талкуулашкан.
Америка администрациясынын атайын өкүлү Анкара маселени укуктук эмес саясий жактан чечүүнү талап кылганын билдирген.
Динаятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы жок экенин айтып келет. Түрк өкмөтү Гүлен негиздеген “Хизмет” кыймылын террордук деп таап, аны менен тилектеш делгендерди камап же ишинен айдоодо.
Окуядан кийин түрк бийлиги дароо АКШдан Гүленди экстрадициялоону талап кылган. А Вашингтон ал үчүн далилдерди сураган. Кийинчерээк Түркия Юстиция министрлиги тийиштүү документтерди жөнөткөнүн, Вашингтон алганын билдирген болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ