Бүгүн, 17-март күнү Биринчимай райондук сотунда Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум жабык эшик артында өтүүдө.
Эске сала кетсек, 7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо боюнча операция жүрүп, кагылышуу болуп, аягы өлүм менен аяктаган. УКМК «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго Атамбаевдин жеке менчик снайпердик мылтыгынан ок тийип, каза болгон. 8-августта андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов Атамбаевди өз ыктыяры менен колго түшүп берүүгө көндүрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага макул болгон мурдагы президент тарапташтары менен колго түшүп берген.
13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен Курсан Асанов кызматынан алынган. 14-августта “ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен ага кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган. Тергөө органдары Курсан Асановду экс-президент Алмазбек Атамбаев менен тымызын кызматташып, анын сырдуу документтерин жашырып алып чыгып берген деген айыптарды тагууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ