Menu

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата өкүм чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 24-январында, Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы, апелляциялык инстанциядагы курамында төрагалык кылуучу Кыдык Джунушпаев, судьялар Азамат Джумагулов, Нурбек Исаев, сот жыйынынын катчылары, мамлекеттик айыптоочулар,  жактоочулар, коомдук жактоочу,  котормочулардын катышуулары менен ачык соттук жыйынында жабырлануучунун өкүлү Ч.Бечелованын жана соттолуучу А.Аскаровдун жактоочусу А.Абылакимовдун Жалал-Абад областынын Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрдагы өкүмүнө карата апелляциялык даттануулары боюнча жазык ишин карады жана өкүмүн чыгарды.

Анда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон райондук сотунун 2010-жылдын 15-сентябрдагы Аскаров Азимжонго карата чыгарган өкүмү өзгөртүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылсын, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин негизинде жазык жазасы белгиленбесин.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды бири-бирине толук кошуу жолу менен үч жыл юридикалык билимди талап кылган укук коргоо, адвокатура, нотариалдык контора, прокуратура органдарында белгилүү бир кызматтарды ээлөө жана өкмөттүк эмес мекемелерде, уюмдарда иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен биротоло Аскаров Азимжон өмүр бою эркиндигинен ажыратылсын, мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискациялансын.

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын.

Жабырлануучунун өкүлү Ч. Бечелованын, жактоочу А. Абылакимовдун апелляциялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылсын.

Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Өкүм көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылышы мүмкүн.

241-статья. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү

67-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши

59-статья. Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: