Menu

Алмаз Мамбетов, Балыкчы шаарынын мэри: “Балыкчы мэриясы мындан ары Ысык-Көлгө каттаган борбордук бийликтин чиновниктерин коноктоп, сыйлаганды токтотот”

Бөлүшүү:

Бул инсан кырктын кырына келип, болуп турган кербези. Заманбап жаңы муундун катарын толуктайт. Жаштайынан ТИМдин катарынан телчигип, бүгүн эл жүгүн тартууга белсенип турган чагы. Башкысы, эски, жыдып бүткөн “космополит” кадрлардан айырмаланып, прагматикалык көз карашка ээ жетекчи экендиги кубандырды. А биз заманбап көз-караштагы жаш жетекчилерди колдоо максатында маектешип турубуз…   

– Алмаз мырза, Ысык-Көлдө өтүүчү “Көчмөндөр оюну” босогого кирип келди. Облустун дарбазасы болгон Балыкчы калаасын сырттан келген меймандарга жакшы таасир жараткыдай иш-аракеттерин көрдүңүздөрбү? Же союздун тарашы менен таланып-тонолуп, чоң кыштакка айланып калган аймакка көзгө көрүнүктүү иш жасаш кыйынга турат бекен? Дегеле “Көчмөндөр оюнун” утурлай көлдүн Балыкчыга кандай камылга көрүп жатасыздар?

– Мен Балыкчы шаарына депутаттардын колдоосу менен мэр болуп келгениме туура 2 ай болду. Калаа башчылыгына келгеним Ысык-Көлдө өтүүчү дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнунун” башталышына аз калган убакка туш келип калды. Андыктан, адеп эле ишибизди да ушул жаатта баштадык. Ысык-Көлгө кирүүчү негизги жол Балыкчы калаасынын борбордук бөлүгүнөн өткөндүктөн, шаардагы Ж.Абдрахманов атындагы көчөбүзгө жол, транспорт жана коммуникациялар министрлиги каражат бөлүп берип (баш-аягы 7 чакырымды түзөт), Балыкчы шаардык казынасынан кошумча 6 миллион сом каражат бөлүнүп, учурда курулуш кызуу темпте уланууда. Буюрса, бул жолубузду “Көчмөндөр оюну” башталганга чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары, бул көчөбүздү көрктөндүрүү үчүн ландшафтык дизайнын иштеп чыгып, жасатып жатабыз. Жолдун курулушу бүтсө, борбордук бул көчөбүзгө энергияны үнөмдөгөн жарыктандыруучу заманбап электр лампаларын коюу планыбыз бар. Касиеттүү көлүбүзгө алыс-жакындан келген меймандар дал ушул Балыкчы аркылуу агылып келип-кетип жатышканда, коноктор үчүн башта өзүң айткандай, чоң кыштакка киргендей болбой, кичине бир калаага келгендей болуп, борбордук көчөбүз жаркырап, чыныгы шаардын түспөлүн берип турса деген оюбуз бар. Ошондой эле, жакында мамлекеттик мекеме-ишканалардын, бизнес чөйрө өкүлдөрүн чогултуп, ар бири шаардагы өздөрү эмгектенген имараттарды жаркыратып, сыртын кооздоп, жасоо боюнча тапшырмалар берилди. Башкаларга мисал болуш үчүн биз алдыңкы күндөрдө шаарыбыздагы Ж.Абдрахманов атындагы борбордук көчөнү бойлой жайгашкан мэриянын, маданият үйүнүн, шаардын кире беришиндеги эко-посттун сыртын, Чолпон-Атаны көздөй чыгып бараткандагы темир жолу көпүрөсүн жалтыратып жасоону баштаганы турабыз. Ушул максатта мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче аракеттенүүдөбүз.

– Мен билгенден соңку 6 жыл ичинде Балыкчы калаасын буга чейин жетектешкен 2 мэр иштериндеги коррупциялык былыктары баштан ашканы үчүн кызматтарынан алынса, дагы бир мэр “Балыкчы калаасынын башчысы болгонума 2 ай боло элек жатып, Ысык-Көлгө келген президенттик аппарат менен өкмөттүк чиновниктерди коноктоп, аларга “коробка” даярдап берип жатып, акчам калбай калды” деп кызматынан сыпайы кете берген. Ысык-Көлгө кирген чиновниктерди Балыкчы мэриясы коноктоп, узатмай салттарын кылышчу эле, азыр сиз да көлгө эс алган чиновниктердин үй-бүлөлөрүнөн өйдө тосуп алып, узатып, ашыкча түйшүктөргө малынып жатасызбы?

– Абдан жакшы, анан калса туура суроо бердиң. Мен кызматка келгениме туура 2 ай болду. Бул аралыкта мага дагы “кой союп, стол даярдап коюу” тапшырмалары айтылып жатты. Мен кызматка келээр замат баарына мындан ары кайсы бир чоңдор үчүн “коробка” даярдамай же кой соймой болбостугун катуу айттым. Акүй же Көкүй болобу, бизге кимиси келбесин, алар өздөрү командировычный менен келишет. Ысык-Көлгө жасаган иш-сапарлары үчүн тамагына, жолуна, жатаканасына деп атайын акча алышат. Анан эле Ысык-Көлгө Балыкчы аркылуу өткөн чиновниктер армиясына, биздин мэриядагы жетекчилер тарабынан өкмөт өкүлдөрүн коноктоп, машинелерине май куюп берүү мындан ары болбойт. Келишеби, келген жумушун кылышып, жөн-жай отуруп сүйлөшүп кете беришсин. Эгерде мага кайсы бир киши жагабы, аны мен өзүм деле сыйлап, узатканга күчүм келет. Өзүмдүн чакан бизнесим бар. Кыргыздын конок тосмой, узатмай салтын мен дагы жакшы билем. Бирок, баардык нерсе чеги менен болушу керек да, туурабы? Ишенесиңерби, Балыкчы мэриясынын жетекчилигине биздин чиновниктер өздөрү эмес, туугандарын же башка “ысык санаган” бирөөлөрүн жөнөтүшсө деле “тосуп ал, сыйлап узатып жибер” деп догурунуп, тапшырма беришкенди адат кылып алышыптыр. Мен мындай эски стеоротиптерден алысмын. Керекпи, Балыкчыга жумуш менен келишсин. Келип, иш бөлмөмө жумуш менен сүйлөшүп кетишсин.

– Кызматтык карьераңызды ТИМден баштап, ошол тармакта иштеп келген турбайсызбы. Калдайган эли бар Балыкчы калаасына башчы болуп келе жатып, “мурда-кийин мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруудан түшүнүгүм анчейин болбосо чайналып калбаймынбы” деп санааркаган жоксузбу?

– Мен тышкы иштер министрлигинде гана эмес, мамлекеттик чоң структура болгон “Кыргыз Темир Жолу” ишканасында 2 жылга жакын иш башкаруучу болуп иштегем. “Кыргыз Темир Жолунда” 6 миңге жакын киши иштегендиктен, “мамлекеттин ичиндеги мамлекет” деп атап коюшканы бекеринен болбосо керек. Ал жерде чарбалык иштерге аралашып, иштеп турганымда, Бишкектеги дүң баада соода кылынуучу “Дыйкан” базарын жеке демилгем менен ачкам. “Кыргыз Темир Жолу” ишканасынан кеткен соң Бишкек шаардык мэриясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. Андан соң 2011-жылдан 2016-жылга чейин 5 жыл жеке бизнес тарапка ооп кеттим. Андыктан, мен мэрлик кызматка ТИМдин катарында жүрүп эле келип калганым жок. Тажрыйба топтоп, андан соң бизнес баштап, өзүмдүн каржылык абалымды чыңаган соң, эл үчүн иштегенге убактым, тажрыйбам, каржылык мүмкүнчүлүк менен өзүмдү-өзүм тыңгылыктуу камсыздаган соң, эми мындан ары элге да жакшы иштерди жасоо максатында ушул кызматка келдим. Өзүң ачка болсоң, анда эл үчүн эмне иштерди жасамак элең? Кызматка келээриң менен өз чөнтөгүңдү толтурушту ойлойсуң да, туурабы? Кудай буюрса, мен элим үчүн жакшы иштерди кылып, артымда из калтыргым келет. Депутаттарга да менде баардыгы жетиштүү экенин, шаардын капчыгына кол салбай турганымды башында эле айткам. Ал айткан убадамды аткарып, буюрса сөзүмө туруп иштеп берем.

– Өмүр бою шаарда өсүп-чоңоюп, АКШ баштаган ири мамлекеттерден окуп-чокуп, ТИМде “ак кол” болуп иштеген жигиттин региондорго келип иштегенин түшүнбөгөндөр арбын. Баягы “Айыл Өкмөтү” деген кинодогу “шаардык кыз биздин айылдык Сагынга тийсе, ал кичине ненормальный чалыш го” деген образды сиз дагы туюндургандай болуп жаткан жоксузбу? Бир эмес, 3 мэрдин “башын жешкен” Балыкчы шаардык кеңешиндеги депутаттар менен иштеше алам деп ойлойсузбу?

– Башында Балыкчыга келип, депутаттар менен жолугушуп жаткан чакта аларга “силердин көйгөйүңөр мэрди шаардын ичинен жергиликтүү бирөөнү тандап, сыртка чыкпаган, эчтеке көрбөгөн-билбеген бирөөнү алып келип жатып, шаар өспөй жатат” деп айттым. Баардыгы салыштырмалуудан башталат. Мен ТИМде жүрүп, көптөгөн мамлекеттерди кыдырып, көптөгөн ири шаарларды көрдүм. Ошолордун өсүп-өнгөнүн анализдеп, кичине да болсо сырткы тажрыйбаны өз жергеме пайдаланып, өнүктүрөйүн деген ой болду. Мага ТИМде же борбордук бийликте жүрө берсем деле жарашмак. Буга чейинки билим, тажрыйбамдан улам, чет мамлекеттердин бирине элчи болуу да карала тургандыгы айтылган. Бирок, келечегимде региондорубуздун бирине келип, жаңы инновациялар менен өнүктүрүү планым көңүлүмө туура келип туруп алды. Буйрук экен, минтип Балыкчыга келип иштеп калдым. Ал эми жаңы көз-караш менен баштаган ишибизди убакыттын агымы менен көрсөтөбүз.

– Ысык-Көл облусун “кылмыш дүйнөсү уюктаган аймак” катары сыпатташат эмеспи. Бүгүн Балыкчыдагы криминалдык абал кандай? Шаардык милициянын башчысы Рустам Бекитаевдин ишине канааттанып жатасызбы?

– Кудай сактасын, Балыкчы шаарында криминалдык абал тынч. Сен атаган “кара дүйнө” өкүлдөрү тууралуу деле укканым жок. Шаарлыктар өздөрүнүн тиричилиги менен алек дегендей. Шаардык милициянын башчысы Бекитаев мырза болобу же жалпы эле Балыкчыдагы күч орган башчыларына башында эле айткам. “Эгерде менин саясатым менен макул болсоңор, чогуу иштешебиз, кокус кыйшактасаңар, кечирип койгула, анда башка иштешчү кишилерди тартам” деп. Азырынча жакшы маанайда гана эмгектенип жатабыз. Шаардык милициянын башчысы Рустам мырза баштаган күч орган өкүлдөрү биздин ишибизге абдан жакшы жардамдарын берип жатышат.

Калыгул Бейшекеев, “Азия news”         

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: