Menu

Видео – Жогорку Кеңеште жабык эшик артында өткөн жыйында кандай маселелер көтөрүлдү?

Бөлүшүү:

Бүгүн 19-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-Таджик чек арасындагы  маселе боюнча жабык эшик артында жыйын болуп өттү. Жыйында кандай сөз болгонун, кандай чечим кабыл алгандарын депутаттар төмөнкүчө билдирди.

Карамат Орозова: “жыйында бизге премьер-министр чек арага барып эл менен жолугуп, элдин абалы кандай экени тууралуу, талаштуу жерде курулуш иштери токтотулганы жана эки мамлекеттин өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы боюнча маалымат берди.  Бирок менин ойумда чек ара маселесин эртелетип чечиш үчүн, буга чейин кабыл алынган чечимдерди, токтомдорду кайрадан карап чыгыш керек”-деген пикири менен бөлүштү.

Ал эми Бакыт Төрөбаев болсо “негизи биз бир мамлекеттик стратегияны иштеп чыгышыбыз  керек. Баткен облусу боюнча Таджикстан менен чектеш айылдар боюнча элдин социалдык-экономикалык абалы боюнча кандай иш- чараларды өткөрө алабыз? Мисалы; балким биз электр энергиясына болгон тарифти өзгөртөбүзбү же чек арага жакын жайгашкан элди көчүрүп башка жактан үй куруп беребизби ушул сыяктуу маселелерди карашыбыз керек. Азыр биз 1 метр жер берип койсок мамлекеттин душманы жерди сатты болуп калабыз, ошондуктан эки тарап  тең  1 метр жерди бергиси келбей жатат. Ал эми азыркы жыйында болсо чек ара кызматын Баткенге көчүрүү боюнча , элдик дипломатияларды колдонуш керек деген ойлор айтылды”-деп билдирди.

Азыр чек араны чечиш үчүн жер алмашуу кылсак кандай болот деген суроого

“Бул маселе оңой чечилбейт, ал эки тараптуу болуш керек. Ар бир мамлекет 1 см жер үчүн талашышат, азыркы учурда  450 км жер тактала элек”-деп жооп узатты  Дастан Бекешов.

“Бул жыйында көп маселе мамлекеттик сыр болгондуктан мен ачык айта албайм. Жалпы коомчулук биле турган маселелер  мыйзамсыз курулуш иши токтотулуптур, алар кирип келген зонадагы аскерлер чыгарылыптыр, эки мамлекет ортосундагы  келишимдердин аткарылышы боюнча маселе бар экен жана кыргыздардан таджикстандыктар сатып алган үйлөр боюнча маселелерди карап жаткандарын айтты. Максат айылында кыргыздар үйлөрүн тажиктерге сатып кеткендиктен алар, бул тажикстандын жери деп коргоп өздөрүнүн курулуш иштерин баштап  талашып жатышканы ушул маселеде”- деди депутат Алмамбет Насырканович.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: