Ошто дагы эки күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын бири “Южный” кичи районундагы медреседе, экинчиси Ак-Тилек кичи районундагы № 52 мектептин спорт залында ачылган.
Керебеттер коронавирус менен күрөшүү үчүн чогултулган каражатка сатылып алынган.
Мэриядан белгилегендей, ар бир стационар 40 орунга ылайыкталган. Кечээ муниципалитеттин башчысы Таалайбек Сарыбашев шарттар менен таанышып, медициналык кызматкерлер менен жолугушту. Бүгүнтөн баштап стационар иштеп баштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ