Menu

ММК тууралуу мыйзамдын артынан “тепкиге” кабылган депутат Кожобеков билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоорун демилгелей коюп, коомчулуктун “тепкисине” кабылган депутаттар четинен актана баштады. СДПКнын өкүлү Кожобек Рыспаев бүгүн “силер түшүнбөй калдыңар” таризиндеги билдирүү таратты. Анын айтымында телеканалдардын негизги ээлери Кыргызстандын жарандары болууга тийиш, ал эми гезиттер менен радиолорго, анын ичинде «Азаттыкка» ЖМКлар жөнүндө мыйзам эч кандай тийиштиги болбойт имиш.
“Бардык өлкөлөр өз медиа мейкиндигин коргойт. Кыргызстан маалымат технологияларынын жардамы менен террорчул акцияларды сынай турган “кирип-чыкма короо” же жайдак аянтча болууга тийиш эмес. Керек болсо АКШда да чет өлкөлүк жарандарга телеканалдардын 25 процентине гана ээлик кылууга уруксат берилген. Францияда болсо – 20%. Мыйзам долбоорунун баштапкы тексти “Азаттык” радиосуна каршы багытталган катары бааланганы анын бардык демилгечилери үчүн күтүлбөгөн иш болду. Анын үстүнө биздин кесиптешибиз Жанар Акаев ал радиодо иштеген эмеспи…
Баарыбыз маалыматтын күчү тууралу айтып келатабыз. Маалымат согуштары тууралуу айтып келатабыз. Мыйзам долбоорунда телекөрсөтүү тууралуу гана сөз болуп жатат. Анткени, ал азыр эң таасирдүү күч. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, телекөрсөтүүнүн таасир этүү үлүшү азыр да бийик болуп, 90%тен ашат. Биздин долбоор бир гана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Террорчулардын колунан эмне иш келерин, аларды колдогон түзүмдөрдүн канчалык бай экенин баарыбыз көрүп жатабыз. Бир эмес, бир канча телеканалдарды сатып алуу аларга кыйын эмес. Канча согуш, канча кан алардын абийиринде жатат дейсиз!
Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүнкүгө карата көп каналдуу (кабелдик) берүүлөргө 19 лицензия берилди. Бул эгер ар бир пакетте 200дөн канал болсо, алардын саны оңой эле 4 миң телеканалдан ашып кетет деген сөз. Бул сан тынымсыз өсүп жатат! Ошондуктан телеберүүлөрдүн ээлери өз элинин алдында жоопкердигин сезет деп ишенишибиз керек. Бул – мамлекетибиздин коопсуздугунун маселеси.
Депутаттар өзүбүз да «Азаттыктын» кетишин каалабайбыз. Ошондуктан, кечээ Жогорку Кеңешке киргизилген “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” мыйзам долбоорунун айрым пункттарын кайра карап чыгууга убакыт сурадык.
Биринчиден, оңдоолор бир гана телеберүүгө тийиштүү болот.
Экинчиден, долбоор аягына чыга иштелип чыккандан кийин Кыргызстандын жарандары жана юридикалык жактары телекөрсөтүүлөрдү берүүчүнүн 65 проценттен кем эмес акцияларына (үлүштөрүнө) ээ болууга тийиш деп көрсөтүлөт деген ой бар. Ад эми чет жердик жарандардын үлүшү 35 проценттен ашпашы керек. Башкача айтканда, кыргызстандыктар башкарсын, ал эми чет жердик өнөктөр акцияларынын “тосмо” пакетинин жардамы менен өз инвестицияларын коргосун деп жатабыз, – деп айтылат Рыспаевдин билдирүүсүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: