Menu

Астанада Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн жаңы банкноттун бет ачары болду

Бөлүшүү:

Казакстан Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң теңгелик банкнотту тааныштырды. Расмий сайттардын маалыматына караганда, бул сувенирдик банкнот Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган.

Бет ачар Тынчтык жана ынтымак сарайындагы “Казакстан көз карандысыздыгына 25 жыл” аттуу конференциянын алкагында өттү. Иш-чарада 25 жылдыкка арналган монета дагы тааныштырылды.

Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишевдун айтымында, эгемендүүлүктүн тарыхы мамлекет башчы менен толук байланышта. Мааракелик банкнот президенттин өлкө өнүгүшүнө кошкон салымын айгинелеп турат.

Акишевдин айтымында, банкнотко портрет жайгаштыруу көндүм көрүнүш. Нельсон Мандела, Мустафа Кемал Ататүрк, Ли Куан Ю, Уинстон Черчилль жана башка дүйнөлүк деңгээлдеги лидерлердин сүрөттөрү өз өлкөлөрүнүн купюраларына түшүрүлгөн.

Казакстан валютасы– тенге 1993-жылы 15-ноябрда жүгүртүүгө кирген. Ал 23 жыл аралыгында бир нече жолу девальвацияга туш болду. Өлкөдө 2000-жылдан кийин портреттик сүрөттөрү жок жаңы үлгүдөгү банкноттор чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: