Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Талкууда депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам долбоорун колдоо зарылдыгын, бирок, бирканы малдын кулагына тагуу менен эле идентификация процесси бүтүп калбастыгын, малдын андан аркы багылышына, сатылышына, союлушуна чейинки процесстерине тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин билдирди. Талкуунун жүрүшүндө депутат менен республиканын ветеринардык кызматынын жетекчиси Калыс Жумаканов айтыша кетишти.
“Силер малдын кулагына тагып жаткан биркаңар түшүп жоголуп кетип жатканын айтып жарандар арызданып жатышат…?”- деп сурады депутат Зиядин Жамалдинов.
“Эми мал эмес, адам деле жоголуп кетип жатпайбы…”, – деп жооп берди өлкөнүн башкы ветеринардык инспектору Калыс Жумаканов.
Депутат Жамалдинов ветеринар Жумакановдун жообуна теригип, экөөсү кызаңдаша кетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ