Menu

Карамат Орозова, ЖКнын КСДП фракциясынан депутат: “Өлүм жазасын киргизүү мезгили келди”

Бөлүшүү:

— Биз канчалык жазбайлы, какшабайлы аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулук азайбай келет. Башкасын айтпасак да өз кызын зордуктаган макулук аталар көбөйүп баратканы жан кейитет. Мындай аталарга кандай чаралар көрүлүшү керек? Мыйзам боюнча кандай жаза колдонулушу керек ана мындай көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн кандай иштерди алып барып жатасыздар?

— Туура, акыркы жылдары жашы жетелек кыздарга, балдарга болгон зордук-зомбулук азайгандын ордуна көбөйүүдө. Мындай жаман көйгөйлөр менен күрөшүү максатында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутат айымдары Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук” боюнча мыйзамына өзгөртүү киргизген. Бул мыйзамда негизинен мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын жоопкерчилиги, милдеттери жогорулаган, б.а. балдар менен иштеген Билим берүү, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Каржы минстрликтеринин жана башка  баардык деңгээлдеги жергиликтүү бийликтердин, коомдук уюмдардын, коомчулуктун милдеттерин, жоопкерчилигин көтөргөнбүз. Ал эми Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары А.Салянова, М.Жээнчороев, Ж.Акаев, мен ж.б. депутаттар балдарды зордук-зомбулуктан коргоо максатында  КР Кылмыш-жаза кодексинин беренелериндеги айрым санкцияларды күчөтүү иштерин көтөрүп чыктык.

— Кандайдыр бир оор чараларды көрүү бышып жетилгендей…

— Маалыматтарга таянсак, 2017-жылы эле 47 бала сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болгон. Он өспүрүм зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн. Бирок, көпчүлүк зордук-зомбулукка дуушар болгондор үй-бүлөнүн абийири, кыздын абийири кетет деген ойдо жаап-жашырышат. Акыркы убактарда жаш балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү жыл сайын көбөйгөндөн көбөйүп баратат. 2006-жылдан бери зомбулуктун кесепетинен 92 жашы жете элек бала каза болгон.  Мисалы, баарыбызга маалым болгон, Бишкек шаарындагы эки жашар баланын зордукталганы, Ош облусунун  Өзгөн районунда он жаштагы кызды таякелери эки жыл бою зодуктап жүргөнү, Сокулук районундагы алты жашар кыздын зордукталганы. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы жашы жете элек сегиз жашар кыздын зордукталганы, Токмок шаарындагы он жашар кыздын зордукталганы, айта берсек, намыстын айынан жаап-жашырганы канча? Мындай үрөй учурган окуяларга таянсак, өлүм жазасын киргизүүгө убакыт жетти.

Илгертеден өлүм жазасы колдолунуп келген, бирок, бир гана өлкөдө бул жазаны колдонуу токтотулган. Ал эми Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген. Учурда 58 өлкөдө өлүм жазасы колдонулат. Өлүм жазасын киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  21-беренесине өзгөртүү киргизүүбүз зарыл.  Жыл сайын болбогон себептерден  ажырашуу өсүүдө. Үй-бүлөнүн баалуулугу жоголууда. Үй-бүлөнү сактап калуу жана балдарды зордук-зомбулуктан сактоодо бүгүнкү күндө  Кыргыз Республикасынын депутаттарынан түзүлгөн  жумушчу топ иштеп жатат. Балдардын ата-энеси ажырашып кетүүсүнөн кийин негизинен өгөй атадан зомбулук көргөн учурлар көп. Мисалы, Ош облусундагы Өзгөн шаарында болгон каргашалуу окуя, балалыктын бактылуу доорун сүрө турган мезгилинде 11 жашка толо элек секелек 45 жаштагы өгөй атасы тарабынан зордукталган. Ал гана эмес, беш жыл бою анын зомбулугуна кабылган кыз 16 жашында өгөй атадан боюна бүтүп, көз жарат. Арам оюн ишке ашырып келген ата сөрөй учурда бул кылмышы үчүн темир тор артына киргизилди.  Мындай окуяларды токтотуу максатында өз эне күйөөсүн жактап, жаап-жашырган учурлар да жок эмес. Ошондуктан оор турмуш шартта өгөй ата менен жашаган балдарды өз энесинин эмес, мамлекеттин камкордугуна киргизсек, көзөмөл болот деген ойдобуз.

 Жамиля Нурманбетова

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: