Москвада Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин күзөтчүсүнө кол көтөрүлдү. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгисиз адам коопсуздук кызматкерине акаарат келтирип, ага кол көтөргөн. Аталган факт укук коргоо органдарында катталган.
«Элчиликте консулдук бөлүмүнүн имаратында белгисиз жарандын чагымчыл жана мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган бардык материалдар бар. Коомдук тартипти бузууга, коркутууга, шылдыңдоого жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт, бул аракеттер жазык жана административдик мыйзамдарды бузат», – деп билдиришти элчиликтен.
Дипломатиялык өкүлчүлүк жарандарды коомдук жерлерде тартипти жана жүрүм-турум эрежелерин сактоого үндөйт. Чагымчылар жана күнөөкөрлөргө карата Россиянын жазык жана административдик мыйзамдарынын негизинде толугу менен жоопко тартуу чаралары көрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ