Menu

Олокон тоо бийиктигиндеги акын Жолон

Бөлүшүү:

Кинокадрдагы көрүнүштөр: Дарыялар буулуп, ГЭСтер курулуп, атомдук ледокол түндүк океанда муз жарып сүзүп, космос мейкиндигин аралап планеталарга карай сызган ракеталар… Финалдык кадрда көрүүчүлөргө карай кадам шилтеп жакындап, шаңдуу ырдап бала менен кыз кол кармашып келе жатат. Экөөнүн артында экран толтура сандар, жер шарынын фонунда аалам жаңырта ырдаган хор жаңырат. Тасманын көркүнө көрк кошкон, кооздук түр берген, бийикке көтөрө шаң берген Жолондун балдарга арнаган ыры!.. (“Сандардын чатагы” аттуу мультфильмге. 1977-жыл, май айы).

Бала: – Жер энеден куүлөнүп,

Алыс жолго жетебиз.

Аалам сырын үйрөнүп,

Ай-жылдызга жетебиз.

Кыз: – Азыр болсо сандардын,

Өлкөсүнө барабыз.

Алар менен кыйышпас,

Дос болушуп алабыз.

Экөө: – Ээ, Эй…

Тигил биздин катарга,

Чогуу чыксаң сапарга!

Даяр болгун ааламдын,

Жаңылыгын ачарга.

Бала: – Биз балдарбыз бактылуу, Окуп күчкө толобуз. Ай-жылдызга каттаган, Астронавт болобуз.

Кыз: – Эркин өскөн балдарбыз, Тоонун ыкчам кушундай. Элдин уулу аталуу, Максатыбыз ушундай.
Экөө: – Ээ-ээй…

Тизил биздин катарга,

Чогуу чыксаң сапарга!

Даяр болгун ааламдын, Жаңылыгын ачарга.

(Финалдык хор. Марш менен басып келатышкан сандар)

Хор: – Билектеги күчүбүз, Биримдикти сыйлайбыз. Доорубузга жарашкан,

Достук сөздү тыңдайбыз. Ырыс алды – ынтымак, Ынтымакты чыңдайбыз!

Москвадагы “Союзмультфильм” студиянын атагы бүткүл Союзга тараган көрүнүктүү Феодор Хитруктун мультфильминдеги каарманы Винни-Пух жана режиссёр Роман Качановдун мульттасмасындагы персонаждар, Чебурашка менен Крокодил Гена борбордук биринчи канал телеэкранда улам кайталана көрсөтүлө бергендиктен, андагы каармандардын обондуу ырлары балдардын кулактарына кирип, көкүрөктөрүнө орноп, чыгыштан Сахалин аралынан, баштагы Брест крепостуна чейинки Советтер Союзу деп аталган зор аймакта жаш өспүрүмдөрдүн сүйүктүү ыры болуп ырдалып турбадыбы массалык түрдө.

Кыргыз өлкөбүздө алгачкы тунгуч “Сандардын чатагы” аттуу мультфильмибиз 1977-жылы жарыкка көз ачып жаралганда маданиятыбыздын зор жаңылыгы катары, мекен үчүн күйгөн журтубуздун алдыңкы катардагы жарандарыбыз сүйүнүч менен, кубаныч менен кабыл алышкан эле. Алгачкы жаңылык болгон “Сандардын чатагы” мультфильм Кыргыз телеэкранда болгону эки жолу гана көрсөтүлүп, кайталана эч көрсөтүлбөдү. Биз күткөндөй болбоду, телерадио жетекчилери тайкылык түшүнүгү менен жаңыдан жанданып келаткан үмүт шооласын өчүрүп тынышты. Жаштарды өз ырыскысынан куру калтырышты.

Ошол тунгуч жаңылыктын шооласы Ала-Тоо койнуна кеңири тарабады, жаш өспүрүмдөргө жетип, мультфильмдеги обонду ырлар кулактарына кирип, көкүрөктөрүнө жеткирилбеди. Москвадагы “Союзмультфильмдей” теледе кайталанып көрсөтүлүп турса, жаштарыбыздын көңүлүнө жатталып, популярдуу болуп, мультфильмдеги каармандардын ырларын ырдап жүрүшпөйт беле…

Туу кармап көкөлөтө көтөрө “Ырыс алды – ынтымак” – деп ураан чакыра алдыга чапкан ыр жоокеринин чакырыгы Ала-Тоо жеринде жаңырып, кылым карытып жаңыра берет, жашай берет!.. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асанкан Жумакматовдун оркестринде көп жылдар бою солист болуп “Көкөй кести” күүнү комузда муңканта черткен Бейшеке Жандаров жана таланттуу музыкант, белгилүү обончу, “Фрунзенин оттору”, “Аясаң боло, аясаң” деген обондордун автору Кадырбек Кыдыралиев ушул ысымы аталган экөө биригип, Жолондун мультфильмдеги ырына татыктуу обон жаратышып, көркүнө чыгарган эмгектери эл-журттун эсинен кетпептир.

Жолон көп кырдуу чыгармачыл ой-чабытынын диапозонунун кеңдиги көөдөнүнө ай-ааламды батыргандай чексиз… Жолон жаздагы жаратылыштын кубулушун асман мейкининде алай-дүлөй боло куушкан, удургуган, чокмороктошкон кара булут, сур булуттардын кагылышын, согушканын, чагылган чартылдап от жакканын, жерди сабап нөшөр төккөнүн ошол мезгилди, көрүнүштү жактырат. Акындын жан дүйнөсү ошого жакын.

– Ур бороон бет алдыман, мен турмушта келатамын…

– Ойносун жүрөгүмдө кайран бороон (Жакшы ырга толсун койнум. Толсун короом…). Ал бийиктикти беттеп татаал сүрөт көрүнүшүн издеп баратат… Аска-зоокаларга уруна шамал боздойт, айбаттуу күү чыгат. Оор сур булуттар кербен тарта көчүп, аскар баштарына оролуп шалы жоолук салат чүмкөп. Адыр түпкүрүнөн үрккөн койлордой жамырап жерге төшөлө жайыла чөп баштарын жапыра шамал менен жарыша жөө туман өрт тарта жойлоп келатат.

Булут оронгон сурданган тоо баштарын ойлуу карап акын ыр саптарын издейт. Күчөнгөн шамал акындын чачын жулмалайт, уйпалайт, эрмектейт. Кыр жойлоп кара булут жылып жакындайт. Туу чокуларда сур булуттар менен кара булуттар кагылышты, кармашты. Төбө бийиктен кара булут арасынан чагылган от жакты, от бүрктү. Учкундун көз уялткан жарык тили соймоңдоп, булуттарды аралап булуттардан жомоктогудай тири укмуш сөлөкөт сүрөттөрдү тарта көрсөтө коюп, кайта жалп өчүрдү. Кулакты тундура замбирек атылды. Күрүлдөгөн үн эстафетасы уланып жаңырып, алыскы тоо баштарына жетти, анан солгундап барып өчтү.

Бир тынымдан кийин жүрөктүн үшүн алып булуттардын арасынан жүздөгөн замбиректер атылып, тоо арасы дүңгүрөп турду көпкө. Төбөдө кара булут, сур булуттар асман казанына кайнап, чарк айланышып, ааламда болуп көрбөгөндөй булуттардын аёосуз согушу жүрүп жатты… Шатырата нөшөрлөтө төккөн жаан улам күчөйт… Орустун улуу окумуштуусу, этнограф жана атактуу сүрөтчүсү Николай Рерих Гималай тоолорунда саякат жасап жүргөндө улуу табийгат жаратылыштын ушундай таң калтырган көрүнүштөргө таасирлене суктанып, дүйнө жүзүнө белгилүү “Булуттардын согушу” деген сүрөт полотносун ошондо тартса керек.

… Соккон шамалдын багыты өзгөртүлүп, тоо баштарынан акырындап сур булуттар суюлуп, тоолор алп төштөрүн кере эс алгандай боло түшөт. Ал жактан жел менен кошо кар жыты келет. Жаан сээп кеткен тоо чөптөрдө шуру мончоктор жыбырайт. Шибер чөптөр мөлтүр седеп тагынышкандай. Булут арасынан күн шыкаалай калганда күн нурунан тайгалана тамчы мончоктор жалтылдап чагылышат. Төр чөптөрдү аралап мөлтүр мончокторду жерге күбүп, из калтырып акын баратат…

Акын тоолорду сагынат, алыстан келген сайын: “Салоомалейкум тоолорум!” – деп салам айтат, тоолордон кубат алат, энергия алат. Анан тулаң чөптөргө жаш баладай эркелеп оонап, шибер жытын жыттайт. Тулаң чөптөрдү салаасына салып сылап, эңсөөсүн таратат. Мөлтүр тоо булакка жүзү малып, кере жутуп, чаңкаганын басат…

Деңиз толкунундай толкун жараткан Жолондун ыр түрмөктөрүнө чөмүлүп поэзиянын көркөм күүсү көөдөнүмө толо термете, эргүү жаратып делебемди козголто эңсетип, Жолондун бейнесин көлөмдүү полотно бетине тартууга түрткү берди. Акын Жолонду өнөрканама эки курдай кайрылып чакырдым. Бош убактысы жок, жумуш күнүнүн ар бир сааты эсептелгендиктен, ошондон өөнөп үч саат убакыт таап, өнөрканама келди.

Анын көл жээгинде турганын, шамал боз плащынын этек-жеңин желпилдетил, жулмалаган көрүнүшүн полотно бетине чагылдырууга аракеттендим. Жолондун ыр күйөрмандарынын бири кинооператор Шер Ажиев келип, фотого тартып кетти. Кийин ошо фото сүрөт Жолондун китепче-буклетинин биринчи бетине басылып чыкты. Сүрөттө плащынын жакасын көтөрө, шамалга бет алып турган учуру чагылдырылган эле.

Бир курдай Жолон мультцехке, өнөрканага кайрылып, менин акварель боёк менен тартылган сүрөтүмдү көрдү. Анда чалкыган Ысык-Көл, толкун жиреп жээкке чыгып келаткан Акбозат. Пегас минип эки колун эки жакка кере жая шамалга көкүрөгүн тосо ыр айтып жаткан Алыкул. Менин тарткан сүрөтүм Жолонго жакты окшойт. Жолон өз пикирин билдирип, өз оюн айтты: “Акын Алыкул деп айтсак дароо көз алдыга Акбозат келет. Акындын ысымын атасак көз алдыга чалкыган Ысык-Көл тартыла калат. Алыкул-Акбозат-Ысык-Көл үчөө биригип бир бүтүндүктү жаратат. Үчөө – бир монолит! Бир темага уютулган, ширетилген жандуу образ! Элестүү бейне. Ошон үчүн бардык акындардан айырмаланып, акын ысымы өзгөчө орунда турат.

… Кечээ гана тиги кырда жок эле,

Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?..

Акын жана Акбозат, ушу ырга теңдеше тургандай дүйнө жүзүндөгү өзүн “Мен, мен” деп санаган акындар ошо ырдын деңгээлине жеткендей таамай-таасын ошого окшоштура, жакындата айткан ырды жарата алган жок. Жарата албайт болучу. Алыкул ошон үчүн Алыкул! Кайталангыс уникум!..

Акварель сүрөттө карап отуруп Жолон экөөбүздүн сөзүбүз узарып, ортодо көп ойлор айтылды. Келечекте акынга арнаган эстелик орнотула турган болсо, эмне үчүн Көлдөн алыстатып, ыраактатып тургузулушу керек? Көл жээгинде болушу керек! Чолпон-Атадагы акындын жашаган өз үйүнүн тушундагы ошол булуңда толкун жарып, жээкке чыгып келаткан Акбозат, ыр айтып жаткан Алыкул жасалыш керек? Көл толкундары толкуп келип, эстеликти кучактай калып өөп жатышса… Эмне деген көрүнүш! Эмне деген керемет сүрөт!..

Көл жээгине эстелик орнотууга болбойт дегендерге айтарыбыз, Белгия өлкөсүндө деңиз жээгинде суудан чыгып таш үстундө отурган суу периси Русалканын айкелин жасап коюшпадыбы. Деңиз бойлой толкун кечип жарышып баратышкан канаттардын, аттардын турпат-сөлөкөттөрүн “География саякаттары” деген  документалдык фильмдерден көрүп да жүрбөйбүзбү…

Ойлонуп бышыкталган долбоордун негизинде ошол Көл жээгинде мармар таштан китепке окшоштура жасалган, ачылган барак беттеринде Алыкулдун ар жылдары Ысык-Көлгө арнаган ырлары чегилип жазылса, Көлгө ар тараптан эс алганы келгендер кумга оонап, күнгө кактанып ошону менен эле чектелип калышпай, Алыкулдун ырларын окуп таасирленишип, акындын ырларынан Көл жөнүндөгү таанымдары дагы кеңейип, Ысык-Көлдүн касиети, баа-баркы дагы артыла көтөрүлмөк.

Кыргыз жери келгендердин эстеринен кеткис болуп калмак. Көл жөнүндө акындын ырларынан бир эле куплетин мисалга келтиреличи:

Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун,

Толкуса толкунуна тең ортокмуң.

Турмушта канча жолдош кутсөм дагы,

Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.

Ырда акын жандуу адам менен сүйлөшкөндөй, жан досуна сырдаша ички бугун төгүп жатпайбы…

Ошол отурушта Жолон бир тыным үнсүз-сөзсүз ойго батып, кайта кеп узартты: “Кең дүйнөбүздүн түшүнүгүбүздүн тарыганы ошол. Көлүбүзгө саякаттап конок катары келген Пржевальский анан ал көз жумганда Көл жээгине бакыйта көлөмдүү эстелиги орнотулду.

Оторчулар келип отурукташсын деп алар үчүн жайлуу, ылайыктуу жакшы жерди издеп чалгын чалып Семёнов Тянь-Шанский дегени келди.

(уландысы кийинки санда)

Автор: Сагынбек Ишенов

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: