Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда өлкөдөгү жолдорду оңдоо, куруу долбоорлору тууралуу сөз болуп, өзгөчө көңүл “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун курулушуна бурулду. Премьер-министр быйыл өлкө үчүн маанилүү делген ири иш-чаралар өтөөрүн эске салып, биринчи кезекте жолдун 35 чакырымын бүткөрүүнү тапшырды.
“Тилекке каршы, бул жолдун курулушу каржы булагы аныкталбастан, башталып калган. Бүт коомчулук бизден бул долбоордун маселеси кандай чечилет деп күтүп жатат. Албетте, каржы булагы жок деген сыяктуу себеп менен бул долбоорду токотуп койсок болот эле. Бирок, жоопкерчиликти моюнга алып, бул жолду бүтүрүшүбүз керек”, – деп баса белгиледи Жээнбеков.
Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровго «Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолунун 35 чакырымын 2016-жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү тапшырылды. Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолдун 35 чакырымы – Тамчы аэропортунан башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыкты камтыйт.
Эске салсак, долбоордун жалпы суммасы – 2,6 млрд сом. Анын 100 млн сому бөлүнүп, дагы 500 млн сом каражат бөлүү маселеси бүгүн, 16-майда, Жогорку Кеңештин тармактык комитети – бюджет жана финансы комитети тарабынан колдоого алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ