Menu

ДССУ: коронавирус пандемиясына байланыштуу абал мындан ары да оор болот

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясына байланыштуу абал мындан ары да оор болот деп эсептейт.

Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебресиус “көптөгөн өлкөлөр туура эмес багытта баратканын” айтты. Ал вируска каршы күрөшүүнүн тастыкталган чаралары колдонулбаган өлкөлөрдө илдет жайыла берерин белгиледи.

Анын айтымында, милдеттүү түрдө сакталышы керек деген эрежелердин катарына беткап тагынуу, колду жууп туруу жана социалдык аралыкты сактоо кирет.

“Булар сакталбаса, жакынкы аралыкта жашоо мурдагы калыбына келбейт”-деди ал.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 13 миллиондон ашып, жарым миллионго жакын адам көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: