Көчөбүздө жаз. Чыйрыгып бүткөн, үшүп бүткөн жандүйнөлөрдү жылыта турган, жамгырын төгө турган жаз келди. Анан дагы апалардын, айымдардын гүлгө оронгон майрамы. Биз таланттуу, сулуу айымдарыбызга “жаз сен үчүн кандай мезгил?”, “жазда сүйүү башталат дегенге кандай карайсың?”, “кандай белектерди күтөсүң?” деген суроолорду узаттык.
— Мен жазды өтө жакшы көрөм. Анткени жаз жылуулукту, сулуулукту, сүйүүнү, жалаң гана жакшы нерселерди тартуулайт. Жаз келгенде өзгөрүп турганды жакшы көрөм. Ар түрдүү көп максаттарды алдыга коём. Бул жазга да жакшы максаттарым бар. Буюрса ишке ашат деген изги тилектемин. “Жазында сүйүү келет” дегенге кошулса болот.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ