Кечээ КР Жогорку Кеңешинин Бишкек ТЭЦинин модернизациясына Кытайдан алынган $386 миллион доллардык кредиттин сарпталышын иликтеген депутаттык комиссия бийлик базарда баасы $350 доллардан ашпаган 128 видеокамеранын ар бирин $14.500.дөн алдык деп $1 млн 856.000 чыгымдашканын ачыкташты.
Чындыгында документтерде видеокамера деп көрсөтүлгөн 128 аппарат видеокамера деле эмес, ал короого, имаратка кирип-чыккандарды видеокаттоого алып туруучу кадимки эле видеорегистраторлор. Алардын баалары $350 дан арзан болушу мүмкүн.
Эксперттердин айтуусу боюнча баасы $30 миллиондон ашпаган модернизация эмнегедир $386 миллионго бааланып, ушундай жолдор менен ишке ашырылган.
Кытайдан алынган $386 миллионду кыргыз эли үстөгү менен кошуп, $500 миллион кылып кайтарып бериши керек.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ