Жекшемби күнү Вашингтондо расалык тең укуктуулукту жактагандар жана ага каршы болгондор акцияга чыгышты. Полиция алардын ортосунда кагылыш болуп кетпеши үчүн коопсуздук чараларын күчөттү.
Эки акциянын катышуучулары көчөдөн катарлаш басып өтүштү. Алардын ортосун полиция кызматкерлери бөлүп турушту.
Вашингтон менен Виржиниядагы акциялар былтыр Виржиния штатындагы Шарлоттсвилл шаарчасында ак расанын үстөмдүгүн жактагандар менен фашизмге каршы активисттердин кагылышуусунун бир жылдыгына байланыштуу өткөрүлдү. Ал кагылышууда бир аял каза болуп, 20дай киши жабыркаган.
Шарлотсвиллдеги былтыркы демонстрациянын уюштуруучусу Жейсон Кесслер жекшембиде «актардын жарандык укуктарын» колдогон акция өткөрүүнү убадалады. Буга чейин Виржиния шаарынын бийлиги ага бул иш-чараны өткөрүүгө уруксат берген эмес.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ