«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Супер KG порталына «Жогорку Кеңештин депутаты көп нерсени билгенге милдеттүү эмес. Бирок, мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбеген биз үчүн өтө уят нерсе. Гимнди билбеген депутатка элдин жазасы жетиштүү. Ага карата чараны коомчулук берип жатат. Андан өткөн оор чара барбы?» деп билдирди. Ал эми белгилүү дарыгер Калдарбек Абдраманов «чек арабыз сынык, эне тилибиз сынган, Конституция сынган, парламент сынган, мынакей эми гимнибизди Пархат сындырды. Дагы эмнебиз калды сынбаган?» деген кейиштүү оюн айтгы.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ