Menu

Алмазбек Акматалиев, профессор: “Коомдук пикирди эске алуу – саясий маданияттын элементи ”

Бөлүшүү:

– Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

– Албетте, мындай сотторго, укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш жаңы деңгээлге жетти. Ыплас соттордун аты атала баштады, тизмеси түзүлүп жатат. Бул коомдук прессинг, ар бир демократиялык мамлекетте бул табигый эле көрүнүш. Эми, ушундай бааны көргөн бийликтегилер деле бул соттордун ишине кылдат мамиле кыла баштайт. Соттор өздөрү деле байкап турат. Эң негизгиси ушул: коомдук пикирди эске алуу бул саясий маданияттын элементи. Биздин бийлик ушул маданиятка ээби же жокпу, көрө жаталы. Негизи, кээ бир өтө резонанстык иштерди карап, мыйзамды эмес, саясий буйрукту аткарган судьялар өзүлөрү эле кетип калганы оң. Баары бир булар эртеби-кечпи жоопкерчилике тартылат.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: