Сирия менен Ирак аймагындагы террорчулук топторго каршы Орусия күрөшкө катышып жаткандыктан, Кыргызстанда террор коркунучу жогору. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, коркунуч – Чүй облусунда орусиялык аскерий база жайгашкандыгына байланыштуу.
УКМК жарандарды сак болууга жана ар кыл террордук чабуулдардын алдын алуу максатында Орусия же башка мамлекеттерге каршы чакырыктарды таратып жүргөн адамдарды көргөн учурда күч органдарына кабарлоого чакырат.
Расмий маалыматтар боюнча 500гө чукул кыргызстандык, анын ичинде 122 аял Ирак менен Сирияда террорчулар менен бирге согушуп жүрөт. Алардын 40ка жакыны салгылашууларда набыт болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ