Menu

Анарбек Рыскулбеков, Апрель баатыры: “Саткындыктын классикалык үлгүсүн көрсөтүшкөн Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаевге айтарым: “Короз кыйкырбаса деле таң атат”

Бөлүшүү:

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган таажывирус илдетине карабай, кыргыз саясатынын казаны “боркулдап кайнап” жаткан кез. Өзгөчө,  ЖоКеге болгон “аламан байге” жакындаган сайын парламенттин бекер “кофесине”, “элик буттуу аркар төш” сулуу катчылары менен “бука моюн, буура сан”  “жардамчы болумуштарына” көнө түшкөн депутат сөөрөйлөрдун “түн уйкусу беш бөлүндү”.

Капчыктуулары “жашылбайларына” ишенип, анчалык камырабаганы менен “жону жука” депутаттар “алды-алдыңдан тал карма” кейпин кийип, алапайын таппай алаңдап жүрөт. Булардын ана башында, мурдагы президент Атамбаевди (“аташкасын”)  алдап, ортозар  журналисттен бакыйган  депутатка айланган Жанар Акаев менен дагы бир чала журналист, чала “мент”,   жамакчы-депутат  Рыскелди Момбеков турат.

Бул эки эргул, “ичкен ашына түкүрүп”,   “Аташкасынын” КСДП  партиясын чанып, “мародёрлордун атасы” атка конгон Өмүрбек Текебаевдин “Ата-Мекен”   партиясына келип, баш калкалашкан.

Саткындыктын классикалык үлгүсүн көрсөтүшкөн бул эки “жазмакер–кокуйлар” чындап келгенде көңүл бурууга деле арзыбайт. Бирок антейин десең, бул эки эргулдун популисттик  чакырыктары уккан адамдын кыжырын кайнатып, айла жок үн катууга мажбур кылып отурат.

Ток этер жерин айтканда: бул экөөсү “таажывирус ылаңы күчөп турган учурунда Президент шайлоону токтотуп туруш керек” деп кайра-кайра жар салууда. Түшүнгөн адамга көрүнүп турбайбы, бул эки эргул өздөрү байкабай шайлоо алдында “очко топтоонун” пас “тактикасына” түшүп кеткени, элди “заблуждениеге вводить” этишип. Же болбосо парламент “каникулга” чыгаар алдында Президент барбады беле парламентке. Ошондо эмнеге өзүнө айтышпайт, короз эч качан түштөн кийин кыйкырган эмес да? Айла жок айтылуу макал эске түшөт: “Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап!”

Ушул чакырыктары аркылуу эле кыйкырчаак-депутаттардын билим деңгээли “мышык ыйлап жибере турган” акыбалда экенин аңдабай билүүгө болот.   Анткени президент Сооронбай  Жээнбеков конституциянын гаранты катары Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо күнүн аныктап, указга кол коюууга милдеттүү болчу. Антпесе, мыйзам бузулат.

Экинчи маселе, эгерде (кудай анын бетин нары кылсын) таажывирусу күчөп жалпы элге коркунуч туудура турган акыбалга жетсе, анда “короз кыйкырбаса деле таң атат” дегендей, Жанар менен Рыскелди кыйкырып чыкпаса деле өлкө башчысы шайлоонун мөөнөтүн жагдайга жараша жылдырышы толук ыктымал.

Андыктан, жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөп, популизм менен алектенип, элдин башын айлантып жаткан эки жазмакер депутат “демин басып” башка пайдалуу иштер менен алектенгени оң.

Анарбек (Чолпонбай) Рыскулбеков, Апрель баатыры, Талас облусу боюнча “Айкөл Ала-Тоо” жарадарлар коомунун төрагасынын орун басары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: