Menu

Ишекеев иш жүзүнө өттүбү?

Бөлүшүү:

Мына бүгүн кыргыз тилинин мамлекеттик деген статусту алганына 28 жыл толду. Бирок, өз тилибиз өгөйлөнүп өз мекенинде ордун таба албай келгендиги жашыруун эмес. Кыргызстанда жашап туруп, кээде өзүңдү Орусиянын бир шаарында жүргөндөй сезип кетесиң. Анан айла жок баш чайкайсың. Дегеним, карапайым калк маршруттук унаадан тарта, базар-дүкөн, окуу-жумуш, эс алуучу жайлар, тейлөө кызматтарында дээрлик көп жерде орусча сүйлөшөт. Бул жаңылык деле эмес. Анан калса орусча анча-мынча билгендер да эптеп «мода» кууп, болушунча «чанжырашат». Аткаминерлерди айтпай эле койсок болот, эки сөзүнүн бири орус тилинде. Эми буюруп калса, Назаркул Ишекеевдин айтымында 2019-жылдан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча сынак тапшыра турган болуптур. Туура да. Мисалы башка кээ бир өлколөрдө өз тилинен бөлөк тилде сүйлөшсө айып пул төлөшөт. Бул мисал өз тилин өгөйлөп чангандарга жакшы сабак болчудай. Балким ушул жол менен эне тилибизге болгон сый өсөттүр.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: