– Абдырахман Мадакимович, транспорт министрлиги Чүй облусундагы 73 чакырым айланма жолго акы төлөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатыптыр. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
– Негизи мыйзам буга жол берет, эгер айдоочулар бекер жүрө турган башка жол болсо. Бирок, алгач ал жолду оңдоп-түздөп, жол белгилерин алмаштырып, ж.б. эл аралык стандартка дал келе турган иш-чараларды бүтүргөндөн кийин айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Антпесе ар кандай митингдер башталып, кээ бир күчтөр кырдаалды чыңалууга алып келиши мүмкүн. Бирок, эртедир-кечтир чоң (магисгралдык) жолдорду акы төлөөгө өткөрүү зарыл. Кызыгып көрсөңөр, дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик баарында бул колдонулуп жүргөн практика. Түшкөн акчанын баары жолдун сапатын жакшыртууга жумшалат.
– Экс-министр Жамшитбек Калиловдун кайра кызматка келгени туура болдубу?
– Мен бул суроого жооп бербей эле коёюнчу.
Максат Калыков
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ