Menu

Айбекке алкым менен айлык кызыкпы?

Бөлүшүү:

«Энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиев энергетика тармагын жетектеп жарыта алган жок. Жаштык кылдыбы же тажрыйбасы аз болгондуктанбы, болбосо иш билгилик сапат дээринде жокпу, айтор сындан башы арыла элек. Ырас, «эт эмес же чел эмес» болгон мажүрөөлүгүнүн айынан учурда энергетика тармагы аксап турат.ТЭЦтеги аварияга, 386 миллион доллардын майнапсыз сарпталышына, бул тармактагы коррупциянын гүлдөшүнө Калиев түздөн-түз жоопкер. Мына Энерге­тика министрлиги болуп турганда министрликтин башкы аппаратында 77 адам иштеп, жылдык бюджети 23 миллион сом болчу. Бул каражат бардык чыгымына жетчү. Өлкөдө авариялык абал катталган эмес. Ал эми «Энерго­холдинг» түзүлүп, Айбек Калиев башына келгени холдингде иштегендердин саны 43 болуп, бюд­жети 74 миллионду түздү. Тилекке каршы, олчойгон маяна алышып, бирок жарытылуу иш кылышкан жок. Көрсө булар ичип-жегенден башканы билишпейт окшойт…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: